Медакадемия студенттери Алматыдагы олимпиадада биринчи орунду ээлешти

© Фото / пресс-служба КГМАИса Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын "Панацея" деп аталган командасы эл аралык олимпиадада биринчи орунду камсыз кылды
Иса Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын Панацея деп аталган командасы эл аралык олимпиадада биринчи орунду камсыз кылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медакадемиянын дарылоо факультетинин 5-курсунун студенттери олимпиадада биринчи даражадагы диплом менен сыйланышкан.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Иса Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын "Панацея" деп аталган командасы эл аралык олимпиадада биринчи орунду камсыз кылды. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, олимпиада Казакстандын Алматы шаарында өткөрүлгөн.

"Команда дарылоо факультетинин 5-курсунун студенттеринен туруп, алар биринчи даражадагы диплом менен сыйланды. Ал эми команда мүчөсү Изат Жумабекова "көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгону" үчүн атайын сыйлык алган", — деп жазылат маалыматта.

Алматы олимпиадасынын жеңүүчүлөрү, "Панацея" командасы буга чейин былтыркы жылдын аяк жагында Москвада өткөн эл аралык олимпиадада соттук-медициналык экспертиза боюнча үчүнчү орунду камсыз кылышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0