Чокулардын бирине апрель баатырларынын ысымы ыйгарылышы мүмкүн

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМонумент памяти погибших за свободу народа во время Аксыйских событий 2002 года и Апрельских событий 2010 года
Монумент памяти погибших за свободу народа во время Аксыйских событий 2002 года и Апрельских событий 2010 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чокуга наам берүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралат. Азырынча аты белгисиз болгон чокунун бийиктиги 4142 метрди түзөт.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы бийик чокулардын бирине "Апрель революциясынын баатырлары" деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында жазылган.

Жеңиш чокусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы эң бийик жети чоку
Маалыматка караганда, мындай аталышты Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун аймагындагы Тескей Ала-Тоо кыркасында жайгашкан 4142,2 метр бийиктиктеги чокуга берүү сунушталган.

Демилге Ак-Суу районунун Челпек айылдык кеңешинин чечими боюнча көтөрүлүп, райондун администрациясы токтомду кабыл алган.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү да бул идеяны колдогон. Эми Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков бул мыйзам долбоору боюнча Жогорку Кеңеште доклад жасаганы жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0