Сабырбек Жумабеков: Илим кырсыкка учураган ирмемдерин эстей албай жатат

© Sputnik / Эркин АлымбековДТП с Илимом Карыпбековым
ДТП с Илимом Карыпбековым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илим Карыпбековдун абалы учурда турукташып, кичинеден сүйлөп калган. 2-3 күндөн кийин аны реанимациядан палатага которуу пландалып жатат.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Коомдук биринчи каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков толугу менен акыл-эсине келди, бирок жол кырсыгына кабылган ирмемдерин эстей албай жатат. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия борборунун директору Сабырбек Жумабеков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Эске салсак, 1-мартка караган түнү Карыпбеков Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсү менен Range Rover машинасын айдап келе жатып, жол четинде турган түркүктү сүзгөн. Ооруканага оор абалда жеткирилип, бир ирет жүрөгү токтоп, кайра калыбына келген.

Жумабековдун айтымында, Карыпбековдун абалы учурда турукташып, кичинеден сүйлөп калган.

"Илимдин абалы күндөн-күнгө жакшырып жатат. Акыл-эси жакшы, бирок жол кырсыгы болгон учурду эстей албай жатат. Кырсыкка чейинки окуяларды аз-аздан айтууда. Ички органдары жакшы, кичинеден туруп басат, сүйлөйт, бирок тез эле чарчап калууда", — деди дарыгер.

Ошондой эле ал 2-3 күндөн кийин Карыпбеков реанимациядан палатага которула турганын кошумчалады.

Дарыгерлердин Илим Карыпбековду кантип аман алып калгандыгын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0