Бишкекте белгисиз адамдар өздөрүн электрик деп тааныштырып, квартираларга кирүүдө

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүЭшиктин алдынта турган адам. Архив
Эшиктин алдынта турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте белгисиз адамдар өздөрүн энергокызматтардын инспекторумун деп тааныштырып, батирлерди тинтип жүрүшөт.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкекте өзүн энерготармагынын өкүлүбүз деп тааныштырган адамдар батирлерге кирип жүргөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигине кичи райондордун биринде жашаган окурман билдирди. 

Анын айтымында, бүгүн саат 16.30 чамасында анын эшигинин коңгуроосун баскан адамдар өздөрүн "Түндүкэлектр" ААКсынын инспекторлорубуз деп тааныштырган.

"Экөөнү көргөндө эле шекшете түштүм. Колдорунда күбөлүктөрү бар экен, бирок анын жасалма эмес экенине ким кепилдик берет? Рейдде жүргөнүн айтып, үйгө киргизүүмдү талап кылышты. Мен киргизбей турганымды айтсам, бири батирдин светин кесип сала турганын билдирди. Бирок мен баары бир киргизген жокмун", — деди шаар тургуну.

Үй ээси эшиктин көзөнөгүнөн караганда, бийтааныш адамдар кошунанын эшигине барган.

Кол кишен жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Социалдык фонддун жалган кызматкери кармалды
"Балам ыйлап калгандыктан, балдар бөлмөсүнө барып кайра келгиче тиги кишилер кетип калыптыр. Кошунанын эшигин каккыласам, 10 жашка чыга элек кичине балдары ачты. Аларга да светчибиз деп айтып, квартирага кирип, ары-бери жакты карап, кайра чыгып кетишиптир", — деди окурман.

Андан соң үй ээси "Түндүкэлектр" ишканасы менен телефон аркылуу байланышып, ал жактан аталган райондо эч кандай рейд жүргүзүлбөгөнүн билген.

Ал эми Sputnik Кыргызстан агентигинин кабарчысына "Түндүкэлектр" ААКсынын маалымат кызматы чыныгы инспекторду кантип таануу керектигин айтып беришти.

"Электр энергиясы үчүн келген квитанцияда ошол районго жооптуу инспекторлор тууралуу маалыматтар бар. Ошондуктан инспектормун деп келген адамдын күбөлүгү менен квитанциядагы маалыматты салыштырып көргүлө", — дешти маалымат кызматынан.

Ошондой эле бишкектиктерди өзүнө сак болуп, байтааныш адамдарды үйгө киргизбөөгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0