Кайсы жаныбар аз уктай турганы белгилүү болду

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКупание слонов в центре Владивостока
Купание слонов в центре Владивостока - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алп жаныбарлар эки саат гана уктаса да уйкунун жетишсиздиги алардын мээсин жабыркатпай турганы аныкталган.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жер жүзүндө эң аз уктаган жаныбар пил экендигин окумуштуулар аныкташты. Бул тууралуу PLOS One журналына таянып РИА Новости кабарлады.

Изилдөөлөргө ылайык, алп жаныбарлар эки саат гана уктаса да уйкунун жетишсиздиги алардын мээсин жабыркатпай турганы аныкталган.

"Камактагы пилдер төрт сааттан алты сааттка чейин укташат экен. Бирок биз бош жүргөн жапайы пилдердин уйкусун текшергенде алар эки саат гана уктай турганын байкадык. Мунун себеби көлөмүнүн чоңдугу менен байланыштуу болушу ыктымал. Ошондой эле пилдер 3-4 күндө бир түш көрөрө божомолдонуп жатат", — деди окумуштуулардын бири Пол Мангер.

Мындан сырткары, окумуштуулар пилдер көпчүлүк учурда туруп уктарын айтып, алп жаныбарлар ар дайым таңга маал чырм этип, күн чыкканда ойгонорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0