Япония сел менен кар көчкүдөн сактоочу системаны КРде ишке киргизүүгө кызыкдар

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Tokyo Rope MFG Co., Ltd компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Шигето Танаканы жана MITSUI & CO. STEEL LTD компаниясынын вице-президенти Шюджи Мурамацуну кабыл алды.
Президент Алмазбек Атамбаев Tokyo Rope MFG Co., Ltd компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Шигето Танаканы жана MITSUI & CO. STEEL LTD компаниясынын вице-президенти Шюджи Мурамацуну кабыл алды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Япониялык эки ири компаниянын жетекчилери Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Алар тургундарды сел, кар, жер көчкүлөрдөн сактоочу системаны ишке киргизүүнү сунуштаган.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Япония квалификациялуу адистерди даярдоо менен таш кулоо, сел, кар жана жер көчкүлөрдөн сактоочу системаны Кыргызстанда ишке киргизүүгө ниеттенип жатат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Tokyo Rope MFG Co., Ltd компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Шигето Танаканы жана MITSUI & CO. STEEL LTD компаниясынын вице-президенти Шюджи Мурамацуну кабыл алды.

Жолугушууда япониялык компаниялардын жетекчилери Кыргызстанда өндүрүштүк ири долбоорлорду ишке ашыруу пландарын президентке айтышкан.

"Компания жетекчилери таш кулоо, сел жүрүү, кар жана жер көчкүлөрдөн сактоочу система Кыргызстандын тоолуу аймактарында жогорку суроо-талапка ээ экендигин белгилешти", — деп айтылат маалыматта.

Атамбаев япониялык ири инвестициялардын жардамы менен Кыргызстанда бул долбоорлорду ишке ашыруу япон бизнеси үчүн гана маанилүү сигнал болбостон, жалпысынан биздин өлкөбүздүн инвестициялык ыңгайлуулугун арттырууга көмөк болоорун баса белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0