Жаңы айыл чарба долбоору. Кыргызстанда 3 миң кызмат орду пайда болот

Жазылуу
Бул долбоордун негизинде Кыргызстанда суюк азот өндүрүүчү завод курулуп, жарым миллион малды идентифициялоого шарт түзүлөт.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. "Рынокко жеткиликтүүлүктү камсыздоо" долбоору ишке ашкандан кийин Кыргызстанда 2,8 миң кызмат орду пайда болоорун өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Жайыттагы жылкылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чүйдө мал чарбачылыгы жана жайыт боюнча окуулар уюштурулууда
Маалыматта айтылгандай, бул маселе министрлер кабинетинин макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңешинде талкууланган.

Ал жерде долбоордун жалпы баасы 25,4 миллион доллар болоору белгилүү болгон. Бул каражаттын жарымы эл аралык донорлордон гранттык негизде келери айтылды.

Аталган программа мал-чарба системасын модернизациялоого жардам берип, жарым миллион малды идентифицикациялоого шарт түзөт.

Ошондой эле суюк азот өндүрүү боюнча заводдун курулушу пландалып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0