Текебаев өзөрүп отурат деген билдирүүгө УКМК түшүндүрмө берди

© AP Photo / Dalton BennettЛидер политической партии "Ата-Мекен" Омурбек Текебаев
Лидер политической партии Ата-Мекен Омурбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фракциянын маалыматы боюнча депутатты 10 сааттан ашык суракка алышкан. УКМК сурактын графигин жарыялады.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев саат 17.00дөн тарта тамак ичпегенин фракциянын катчылыгы билдирди.

Депутаттын жактоочусу Чынара Жакупбекованын айтымында, сурак эртең мененки саат сегизден кечки жетиге чейин созулган. Ал ортодо түшкү тамакка да убакыт бөлүнгөн эмес.

"Өмүрбек Текебаевге 17 сааттан ашык убакыттан бери тамак бериле элек. Тергөөчүлөр бир гана суу беришкен", — деп айтылат маалыматта.

Катчылыктын билдиришинче Текебаев россиялык ишкер Леонид Маевский менен беттештирилген. Сурак учурунда Маевский өзүн жай-баракат алып жүрүп, телефон менен сүйлөшүп, интернет колдонуп отурганын анын жактоочусу баса белгиледи. Ал эми сурак маалында Текебаев менен анын адвокаттарынын телефондору алынган.

"Чет элдик жаран Маевский Кыргызстандын атайын кызматынын имаратында Текебаев менен беттештирилген учурда телефонун колдонуп, интернетке кирип отурат", — деп катчылык суроо салат.

Фракция адам укуктарынын эл аралык конвенциясына ылайык, кармалган кишиге тамак бербей коюу психологиялык басым жана кыйноого тете экенин баса белгилейт.

Митинг у здания ГКНБ сторонников задержанного депутата Текебаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Мэрия: Текебаевдин тарапташтары митинг өткөрүүгө уруксат алган эмес
Өз кезегинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "депутатка тамак бербей суу гана берип койду" деген маалымат чындыкка коошпой турганын билдирди. Атайын кызматтын билдиришинче адвокат Жакупбекова саат 10:15де келген, ал эми саат 10:45те анын катышуусу менен тергөө иштери башталган. Сурак саат 13:30га чейин уланган. Андан соң адвокат Текебаев менен кийинки тергөө кайрадан башталгыча сүйлөшкөн. Кийинки сурак саат 16:40та башталып 18:30га чейин уланган.

"УКМКнын бардык тергөө амалдары КР Кылмыш-процессуалдык нормаларына ылайык жүрдү. Бул учурда депутаттын адвокаты жана дарыгер жанында болгон. Сурак учурунда тыныгууга жана түшкү тамактанууга убакыт берилген", — деп УКМК билдирди.

65-й Каннский кинофестиваль - Sputnik Кыргызстан
Леонид Маевский Текебаев менен кандайча жолукканын айтып берди
Эске салсак, буга чейин россиялык ишкер Леонид Маевский УКМКга арыз менен кайрылып, Текебаев MegaCom компаниясынын акцияларын алууга жардам берем деп миллион доллар алганын айткан. Бул факты боюнча "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Текебаевди жекшембиде түнкү саат 3.30да "Манас" аэропортунан кармап кетишкен. УКМКнын тергөө абагына 48 саатка камалган. Депутаттын тарапташтары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратынын алдында нааразычылык акцияларын өткөрүп, ал кечки саат тогузга чейин уланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0