Аялга кол көтөргөн Октябрь акимиатынын кызматкери иштен алынмай болду

© Sputnik / Табылды КадырбековКыздын чачынан кармап, уруп жаткан адам. Архив
Кыздын чачынан кармап, уруп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соцтармактарда акимиат кызматкеринин Юнусалиев көчөсүн бойлой жайма базарда соода кылып жаткан аялга кол көтөргөнү тартылып калган видео чыкты.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Соодагер аялга кол көтөргөн Октябрь акимиатынын кызматкери жумушунан алына турганын мэрия билдирди.

Эскерте кетсек, соцтармактарда акимиат кызматкеринин Юнусалиев көчөсүн бойлой жайма базарда соода кылып жаткан аялды чапканы тартылып калган видео чыкты.

Ушу тапта аял да, кызматкер да медициналык экспертизадан өтүп жатканы белгилүү болду. Кызматтык териштирүү башталып, окуяны укук коргоо органдары да теришитирип жатат.

"Муниципалдык кызматкерге шаардыктарды кодулоого эч ким укук берген эмес. Видеодогу кызматкер жумушунан алынат", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия жайма базар шаардыктарга бир топ тоскоолдуктарды жаратып келерин, соодагерлердин көбү атайы бөлүнгөн жерлерде иштөөдөн баш тартып келе жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0