Жаз чыгары менен Бишкектин 49 көчөсү оңдолот. Тизме

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСтроительство пятого пускового комплекса ЦКАД
Строительство пятого пускового комплекса ЦКАД - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол оңдоо иштери кытай грантынын эсебинен ишке ашат.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Жаз алды менен Бишкектин кайсы көчөсү кытай грантынын эсебинен оңдоло турганын мэриянын маалымат кызматы айтып берди.

"Бишкекбашкырахитектурада" Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дүшембиевдин жетекчилиги алдында жыйын өтүп, анда кытай грантынын эсебинен жасала турчу иштер талкууланды.

"Күн жылыса Бишкек шаарында жолдорду оңдоо иштери башталат", — деп айтылат маалыматта.

Аталган иштердин алкагында Бишкек шаарындагы жалпы узундугу 95 чакырымды түзгөн 49 көчө оңдолот. Алардын ичинде жаңы конуштардын дагы жолдору бар.

Учурда аба ырайынан улам оңдоп-түзөө иштери токтоп турат.

Жаз алды менен оңдоло турчу көчөлөрдүн тизмеси:

  1. Лев Толстой (Шабдан-Баатырдан Ауэзовго чейинки аралыгы)
  2. Оберон (Анкара көчөсүнөн Лев Толстойго чейинки аралыгы)
  3. Достоевский (Горькийден Лев Толстойго чейинки аралыгы)
  4. Достоевский (Ахунбаевден Анкара көчөсүнө чейинки аралыгы)
  5. Көлбаев көчөсү (Лермонтовдон Ауэзовго чейинки аралыгы)
  6. Лермонтов көчөсү (Жибек Жолунан Чүй проспектисине чейин)
  7. Фрунзе көчөсү (Осмонкулдан Лермонтовго чейинки аралыгы)
  8. Мамбетов көчөсү (Т. Айтматовдон Шабдан баатырга чейин)
  9. Токтогул көчөсү (Гоголдон Т. Айтматовго чейин)
  10. Сүйүмбаев көчөсү (Москва көчөсүнөн Лев Толстойго чейин)
  11. Т. Айтматов (Түгөлбай-Атадан Жибек Жолу проспектисине чейин)
  12. Осмонкул (Жибек Жолунан Курманжан даткага чейин)
  13. Элебесов көчөсү (Бажы терминалынан түндүк айлампа жолуна чейин)
  14. Профессор Зима көчөсү (№81 мектептен Бухара көчөсүнө чейин)
  15. Саадаев көчөсү (Тоголок Молдодон Орозбековго чейин)
  16. Орозбеков көчөсү (Жибек Жолунан Саадаевге чейин)
  17. Тоголок Молдо көчөсү (Жибек Жолунан Саадаевге чейин)
  18. Щербаков көчөсү (Махатма Гандиден Баку көчөсүнө чейин)
  19. Баялинов көчөсү (мурунку Ленинград) (Махатма Гандиден Баку көчөсүнө чейин)
  20. Новая көчөсү (Пригородныйдан Новая көчөсүнө чейин) менен Суеркулов көчөсү (Боталиевден Новая көчөсүнө чейин)
  21. Профсоюзная көчөсү (Фучиктен Кустанай көчөсүнө чейин)
  22. Кустанай көчөсү (Дэн Сяопин проспектисинен Профсоюзная көчөсүнө чейин)
  23. Садыгалиев көчөсү (Дэн Сяопин проспектисинен Профсоюзная көчөсүнө чейин)
  24. Салтанат көчөсү (Кайназаровдон П. Лумумбага чейин)
  25. Мурманск көчөсү (Садыгалиевден Алыкуловго чейин)
  26. Гагарин көчөсү (Тагай Бий көчөсүнөн Айбийкеге чейин)
  27. Лущихин көчөсү (Фрунзеден Алыкуловго чейин)
  28. Лев Толстой көчөсү (Садыгалиевден Алыкуловго чейин)
  29. Жамгырчинов көчөсү (Интергельподон Садыгалиевге чейин)
  30. Акиев көчөсү (Бөкөнбаевден Жибек Жолу проспектисине чейин)
  31. Рыскулов көчөсү (Жаш Гвардия бульварынан Турусбековго чейин)
  32. Турусбеков көчөсү (Чуйковдон Жибек Жолу проспектисине чейин)
  33. Тыныстанов көчөсү (Линейная көчөсүнөн Жибек Жолуна чейин)
  34. Токтоналиев көчөсү (Масалиевден Кулатовго чейин)
  35. Медеров көчөсү (Панфиловдон Токтоналиевге чейин)
  36. Малдыбаев көчөсү (Ахунбаевден Тынчтык проспектисине чейин)
  37. Малдыбаев көчөсү (Ахунбаевден Масалиевге чейин)
  38. Тыналиев көчөсү (Ахунбаевден Жайыл баатыр көчөсүнө чейин)
  39. Репин көчөсү (Түштүк магистралдан Күйүкова көчөсүнө чейин)
  40. Ахунбаев көчөсү (Садырбаевден Тагай бий көчөсүнө чейин)
  41. Алыкулов көчөсү (Муромская көчөсүнөн (ТЭЦ-2) Өмүракуновго чейин)
  42. Күйүкова көчөсү (Садырбаевден Муромскаяга чейин)
  43. Шералиев көчөсү (Түштүк магистралынан №18 көчөсүнө чейин)
  44. Иманалиев көчөсү (Түштүк магистралынан Абдрахмановго чейин)
  45. Абдрахманов Түштүк магистралынан (Тынчтык проспектисинен Чортеков көчөсүнө чейин)
  46. Орто-Көчө (Садырбаевден Ветеринарная көчөсүнө чейин)
  47. Түштүк-чыгыштагы турак үйлөргө алып баруучу жол (Көпүрө кошо курулат)
  48. Каралаев көчөсү (Куттубаевден Токомбаевге чейин)
  49. "Мурас-Ордо" жаңы конушуна кире бериш (Озерное айылынан "Мурас-Ордого" чейин) жана чоң жол.

Жаңылыктар түрмөгү
0