Илимпоздор аялдардын идеалдуу эриндери кандай болушу керектигин айтып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековАялдын эриндерин боеп жаткан визажист. Архив
Аялдын эриндерин боеп жаткан визажист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимпоздор операция жолу менен ашкере чоңойтулган эриндер айымды анча сулуу көрсөтпөй турганын белгилешкен.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Калифорния университетинин биологдору эркектерди аялдардын жүзүнө жарашыктуу келген калың эриндер кызыктыраарын айтышты. Бул тууралуу РИА Новости JAMA Facial Plastic Surgery журналына таянып жазып чыкты.

Модель Айсулуу Молдалиева и актриса Мээрим Атантаева - Sputnik Кыргызстан
Нукура жүз: кыргызга таанымал кыз-келиндердин боёксуз жүзү сүрөттө
Илимпоздордун берген маалыматына ылайык, операция жолу менен ашкере чоңойтулган эриндер айымды анча сулуу көрсөтпөйт.

"Эриндерин пластикалык операция жолу менен чоңойтууну каалаган аялдарга жаратылыштан берилген пропорцияларга көңүл буруу керектигин эскерткибиз келет. Кээ бир атактуулар үстүнкү эриндерин ашкере чоңойтуп алышат. Анан сулуулуктары артпай эле, кебетелери келишип калат", — деди илимпоз Брайан Вон.

Окумуштуулар пластикалык операция жолу менен эриндерин чоңойткон аялдар канчалык сулуу болуп калаарын билүү үчүн операция жасалганга чейин жана андан кийинки бир эле аялдын сүрөтүн бир канча эркекке көрсөтүшкөн.

"Натыйжада эркектердин көпчүлүгү эриндери 53 пайызга чоңойтулган аялдар кызыктыраарын билдиришкен", — деп айтылат маалыматта.

Мындай идеалдуу эриндердин алды үстүнкү эринге караганда эки эсеге чоң болушу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0