Мэрия тартип бузгандарга айлана-тегеректи тазалаттырып жатат

© пресс-служба мэрии города БишкекМэрия Бишкека начала привлекать нарушителей порядка к общественным работам
Мэрия Бишкека начала привлекать нарушителей порядка к общественным работам - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда мэрия менен Свердлов райондук соту мыйзам бузуучуларды коомдук иштерге тартып, бөлүнгөн аймактарды тазалаттырып жатат.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Бишкек мэриясы тартип бузгандарды коомдук иштерге тартып жатканын аталган муниципалитеттен кабарлашты.

Билдирмеге караганда, учурда беш жаран милиция кызматкерлеринин көзөмөлүнүн алдында бөлүнгөн аймакты таштандыдан арылтып, тазалап жатышат.

"Коомдук иштерге бейбаштык кылгандар, таштанды өрттөгөндөр, дарактарды өзүм билемдик кылып кыйгандар, өспүрүмдөргө билим жана тарбия берүү милдеттерин аткарбагандар жана унааны мас абалында айдагандар тартылат", — деп айтылат маалыматта.

Учурда мэрия менен Свердлов райондук соту мыйзам бузуучуларга бөлүнгөн аймактарды тазалаттырып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0