Россиядагы эркектерге сулуу аялдар, аялдарга чынчыл эркектер жагары анык болду

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүТүгөйлөр. Архив
Түгөйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөөлөрдө сурамжылоого катышкандардын 17 пайызы интеллектиге, 15 пайызы аялдын чын дилинен жасаган мамилесине маани берерин айтыштыптыр.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Россиядагы эркектер аялдардын сулуулугун биринчи орунга коёору атайын жүргүзүлгөн сурамжылоодон кийин белгилүү болду деп жазды РИА Новости.

"Россиядагы эркектердин үчтөн бири, тагыраагы 27 пайызы аялдардын чырайын биринчи орунга коёт. Бул коомчулуктун пикирин изилдеген бүткүл Россиялык борбордун сурамжылоосунун маалыматында айтылат", — деп жазды агенттик.

Иликтөөлөрдө сурамжылоого катышкандардын 17 пайызы интеллектиге, 15 пайызы аялдын чын дилинен жасаган мамилесине, ал эми 13 пайызы ак көңүлдүүлүгүнө маани берери маалым болгон. Ал эми эркектердин эки пайызы унчукпай уга турган аялдарды баалай тургандыктарын айтышыптыр.

Города России. Владивосток - Sputnik Кыргызстан
Статком: элдин 60%ы ажырашуу аял үчүн уят деп эсептейт
Сурамжыланган аялдарга келсек, алардын 23 пайызы эркектердеги чынчылдык сапатты, 20 пайызы ак көңүлдүктү биринчи орунга коёрун билдиришкен. Ал эми 16 пайызына жигиттердеги ишенимдүүлүк маанилүү болсо, 12 пайызы кайраттуулук биринчи орунда дешкен.

Ал эми өмүрлүк жубайды кайдан издеш керек деген суроого аялдардын да, эркектердин да жарымына жакыны жалпы тааныш, достордун арасынан караган жакшы деген жообун айтышкан. 26 пайызы иштен же окуган жерден караштыруу зарылдыгын белгилеген. Ал эми 20 пайызга чукулу шапар тепкен жайлардан, түнкү клубдардан караштыруу керек дегендердин катарын толуктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0