Тапшырманы аткар! Физиктер үчүн сынак жарыяланды

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүФизика сабагы учурунда. Архив
Физика сабагы учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Суроолор физика-техникалык жаатында берилет.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Москванын физика-техникалык институту, "Яндекс" компаниясы, Россиянын билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте "Тапшырманы аткар" аттуу долбоорду ишке киргизди. Бул тууралуу Россиянын илим жана маданият борборунун расмий сайты жазып чыкты.

Билдирмеге караганда, долбоорго бардык курактагы жарандар жашаган жерине карабай катыша алат.

"Тапшырманы аткар аттуу текшерүү иши 12-февралда саат 00.00дөн 23.59га (Москва убактысы боюнча) чейин уланат. Анда физика-техникалык жаатында суроолор берилет. Бардык катышуучулар электрондук сертификатка ээ болушат. Уюштуруу комитети иштин жыйынтыктарын 8-мартка чейин жарыялайт", — деп айтылат маалыматта.

Сынакка катышуу үчүн сайтына катталуу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0