19:37 09 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7914
  • EUR96.0093
  • RUB1.1521
Коом
Кыскача шилтеме алуу
3601

Мындай кадам колдоонуучулардын коопсуздугун камсыздоо менен купуя маалыматтарды уурдатып ийүүдөн сактоого багытталган.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Skype мессенжеринин эски версиясы ушул жылдын 1-мартынан тарта Windows жана Mac системаларында иштебей калары тууралуу компаниянын блогунда жазылды.

Маалыматка караганда, бир айдан кийин аталган эки платформада тең Skype мессенжерин ачууда көйгөйлөр жаралат. Тагыраагы, мессенжердин 7.16 жана андан ылдыйкы версиясын Windows менен Mac OS 7.0, 7.18чи версиясын колдонгондордон программаларды толугу менен жаңылоо талап кылынат.

Блогдо айтылгандай, мындай кадам колдоонуучулардын коопсуздугун камсыздоо менен купуя маалыматтарды уурдатып ийүүдөн сактоого багытталган.

Видеобайланыш сервисинин жаңы кызматтарынын бири болуп, аккаунту жок эле байланыш түзүү мүмкүнчүлүгү эсептелет. Эми колдонуучулар сайттын өзүнө конок режиминде кирип, 300 адам менен кат алышып, 25 адам менен видео жана аудио аркылуу байланышууга мүмкүнчүлүк жаралат. 

Тема боюнча

Facebook таанышуу жаңы кызматын ишке киргизди
Белгилер:
өчүрүү, программа, Skype

ЭҢ МААНИЛҮҮ