Бишкекте илим, техника жана өндүрүш жумалыгы башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековВ Бишкеке открылся клуб робототехники
В Бишкеке открылся клуб робототехники - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага Кыргызстандын аймактардан келген мектеп окуучулары катышып күч сынашат.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Борбор калаада республикалык илим, техника жана өндүрүш жумалыгы башталды. Бул тууралуу балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы билдирди.

В Бишкеке открылся клуб робототехники - Sputnik Кыргызстан
Өспүрүмдөрдүн өзгөчө ойлоп табуулары
Маалыматка ылайык, жумалыктын алкагында өспүрүмдөрдүн ойлоп табууларынын көргөзмөсү уюштурулат. Ага аймактардан келген мектеп окуучулары дагы катышмакчы.

Жумалыкта робототехника, астрономия, электротехника жана авиамоделдөө боюнча мастер-класстар өтүп, окуучулар беделдүү илимпоздор, ойлоп табуучулар жана өндүрүшчүлөр менен жолугушат.

Ошондой эле 9-февралда Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде илимий-техникалык олимпиада болуп, мектеп окуучулары күч сынашат.

Жумалык 6-февралдан 12-февралга чейин уланып, жыйынтыгында катышуучулар арасында жеңүүчүлөр аныкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0