БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Муфтият ажылыкка байланыштуу бир канча сынак жарыялады. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты.
2017-жылдын ажылык иштери жакындап калганына байланыштуу муфтият ажыга баруучуларды менингит жана мезгилдик гриппке каршы эмдөөдөн өткөрүү үчүн дары-дармектерди Кыргызстанга алып келүүчү тараптар ортосунда сынак жарыялады.
Мындан сырткары, зыяратка бара тургандар үчүн кийим тигүүчүлөр арасында дагы конкурс болмой болду.
Конкурс 1-февралдан 1-мартка чейин жүргүзүлөт. Кененирээк маалыматты муфтияттан алууга болот.