БУУ конференциясында доклад окуган Айтурган: Пан Ги Мун Кыргызстанды мактады

© Фото / Айгуль ЖолдошбековаВыступление Айтурган Жолдошбековой с докладом на собрании ООН
Выступление Айтурган Жолдошбековой с докладом на собрании ООН - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БУУнун конференцияларына кимдер катыша алат? Ал үчүн эмне кылуу керек? Бул суроолорго Бириккен Улуттар Уюмунун конференциясына катышып келген Айтурган Жолдошбекова Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

Айтурган Жолдошбекова БУУнун конференциясына катышып, гендердик теңсиздик боюнча доклад окуду. Жаш окуучу бул жыйында Кыргызстандын намысын коргоп келди.

— Айтурган, конференцияга кантип катышып калдыңыз?

Польшанын Варшава шаарындагы эл аралык CBRE компаниясында финансы боюнча аналитик болуп эмгектенген, кыргызстандык Чолпон Мукамбетова - Sputnik Кыргызстан
Польшада иштеген Чолпон: Европада кыргыздыкындай үй-бүлөнү ыйык тутуу сезими жок
— Кыргызстанда кыздардын укугун коргогон "Кыргыз кыздарынын улуттук федерациясы" бейөкмөт уюму бар. 2015-жылы балдардын укугун коргоо күнү (1-июнь) федерация президенти биздин мектепке келип, дил баян жазуу боюнча сынак жарыялангандыгын айтты. Анан ал сынакка катышып, сегиз окуучу жеңүүчү деп табылганбыз. Жеңүүчүлөр Аксыдагы тренингге катышып, ал жерде долбоорду каржылаган Transfond фондунун өкүлү бизден интервью иретинде сынактын кийинки турун өткөрдү. Жыйынтыгы август айында билинип, БУУга чакыруу алдым.

— Кайсы мектепте билим аласыз?

— Ысык-Ата районундагы Өтөгөн айылындагы орто мектепте 11-класста окуйм.

— Мектепте окуп жатып доклад даярдоо кыйынчылык жараткан жокпу? Аны жазууга канча убакыт кетти?

— Мен докладымда биздин федерациянын эмгектери тууралуу айтып бердим. Долбоорго катышкан кыздар, алардын тагдырлары тууралуу баяндадым. Мындан сырткары, алардын тагдыры кандай өзгөргөндүгүн айтып бердим.

— Кыздардын укугу бузулгандыгын өз көзүңүз менен көрдүңүз беле? Балким жакындарыңыздын укугу бузулгандыр?

— Бизде кыздардын укугу бузулганы жаңылык деле эмес. Мисалы, мектепте окуган кыздарды алып качып кеткен учурлар толтура. Бирок акырындык менен жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат. Мыйзамдар кабыл алынып, жазага тартылгандар катталууда.

— Сиз окуган доклад жыйындагыларды эмнеси менен таң калтырды?

— Докладда үй-бүлө курууда кыздарды зордоп турмушка берүү жана ала качуу маселесине басым жасагам. Ошондой эле ага карата колдонулган мыйзам жоопкерчилиги туурасында баяндадым. Ушул эки нерсе таң калтырды окшойт.

— Доклад окуп бүткөндөн кийин сизге кандай пикирлерди айтышты?

Чехиянын Прага шаарындагы Банк институтунда Евробиримдиктин Эразмус Мундус долбоору аркылуу окуп жаткан кыргызстандык студент Айгерим Темирбекова - Sputnik Кыргызстан
Чехияда окуган Айгерим: 1000 евро стипендия алып, бай чехтердин катарындамын
— Конференциянын башында мурдагы башкы катчы Пан Ги Мун жана БУУнун аялдар укугу боюнча аткаруучу директору Фумзиле Мламбо-Нгкуки сүйлөдү. Алардан кийин мен чыгып докладымды окудум. Эреже боюнча мага да үч мүнөттүк убакыт берилди. Жыйын соңунда ЮНИСЕФтин жетекчиси жана башка катышуучулар жакшы баа берип ийгилик каалоо менен бирге өлкөбүздүн өнүгүүсүнө дилгирлигин билдиришти.

— Жыйында эң жаш катышуучу сиз болдуңузбу?

— Байкашымча көпчүлүгү эле менден улуу көрүнүп атты. Эң кичүүсү эле мен болдум окшойт…

— Пан Ги Мундун өзү менен да жеке жолугуп сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болдубу?

— Мен мекеме жетекчилери, аткаруучу директорлор, башкача айтканда БУУнун жогорку даражадагы өкүлдөрүнүн катарында отурдум. Пан Ги Мун мырза да менин жанымда отурду. Ал жыйындын соңунда келип колумду кысып куттуктап "сендей кыздар менен сыймыктанабыз! Кыргызстан —  адам укуктары корголгон өлкө!" деп ийгилик каалады.

— Башкалар да сиз сыяктуу БУУнун жыйынына катышуу үчүн эмне кылуусу керек?

— Мага Transfond коомдук фонду аркылуу бул жыйынга катышып, сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Башкаларга да ушул сыяктуу фонд же уюмдардын иш-чараларына катышып өзүн көрсөтө алса, аларга дагы ушундай шарттар жаралат.

Жаңылыктар түрмөгү
0