Жылаңач балдардын сүрөтү үчүн акча сунуштаган педофилди милиция издеп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи педофилии в Кыргызстане
Случаи педофилии в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармакта белгисиз жаран аялдын жылаңач балдарынын сүрөтү үчүн акча сунуштаганы боюнча маалымат тараган.

БИШКЕК, 23-Янв. — Sputnik. Бишкек милициясы жылаңач балдардын сүрөтүн алуу үчүн ата-энелерге акча сунуштаган белгисиз адам тууралуу социалдык тармактагы маалыматтар боюнча териштирүү иштерин баштады. Бул тууралуу борбор калаанын ШИИБнен кабарлашты.

Школьники младших классов на линейке - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: 38 жаштагы атасы кыздарын бир нече жыл катары менен зордуктап жүргөн
Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына бир аял анонимдүү түрдө социалдык тармактын колдонуучуларынын бири анын жылаңач балдарынын сүрөтүн сураганын билдирген. Ал аялдын эжеси анын атынан бейтааныш адам менен соцтармак аркылуу сүйлөшүп көргөн. Натыйжада ал балдардын сүрөтү үчүн 500 евро сунуштаган. Андан кийин баланын энеси жарым сааттын ичинде ал айткан нерсени балага жасай турган болсо көбүрөөк акча берерин айткан.

Аталган факт ШИИБде катталып, окуя тууралуу борбордук милициянын жетекчилиги кабардар болду. Белгисиз адам изделип жатат.

"Оперативдүү кызматтар ишке киришти. Материал тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилди. Иш Кылмыш процессуалдык кодексинин нормаларына ылайык каралат", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Кылмыш жаза кодексинин 133-беренеси (бузукулук) боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси чечилип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0