"Түндүкэлектр" кырсык болгон Дача айылындагы зым карагайларды жөнгө салууда

© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналуСотрудники МЧС на месте крушения самолета недалеко от аэропорта "Манас"
Сотрудники МЧС на месте крушения самолета недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жабыркаган трансформатордук көмөкчордондор алмаштырылып, электр чубалгылары тартылууда.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. "Түндүкэлектр" ишканасы Дача кыштагынын электр камсыздоосун калыбына келтирүүдө беш бригада иштеп жатат. Бул тууралуу аталган компания билдирди.

Авиакырсык: 37 маркумдун ким экени аныкталып, 31 сөөктү туугандары алып кетти - Sputnik Кыргызстан
Авиакырсык: 37 маркумдун ким экени аныкталып, 31 сөөктү туугандары алып кетти
Учурда иштен чыккан 630 киловатт кубаттуулугундагы трансформатордук көмөкчордондун ордуна 430 киловатт кубаттуулугундагы комплекстүү трансформатордук көмөкчордон жана эки аба чубалгынын тирөөчү орнотулду.

Мындан сырткары, 0,4 киловатт электр чубалгысынан 400 метр тартып, 20 метр кабелди монтаждашты. Эки комплекстүү муфталар орнотулуп, 15 метр кабелдик чыкмалар монтаждалынды.

Жасалган иштердин натыйжасында кыштактагы төрт көчөнүн зым карагайлары калыбына келтирилген. Кошумча 100 метр узундуктагы кабель аркылуу кыштактын аймагындагы мобилдүү чатырлар электр жарык менен камсыздалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0