Октябрь райсотуна бомба коюлду деп дүрбөлөң салган жаран кармалды

© flickr.com / Håkan DahlströmМужчина с телефоном в руках. Архивное фото
Мужчина с телефоном в руках. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16-январда түштөн кийин белгисиз жаран телефон чалып, жардыруучу түзүлүш сот имаратынын арткы эшиги жакка коюлганын айткан. Имараттагы кишилер сыртка чыгарылган.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотуна бомба коюлду деп жалган маалымат берген "телефон террорчусу" кармалганын УКМК билдирди.

Эске салсак, 16-январда түштөн кийин милицияга белгисиз жаран телефон чалып, жардыруучу түзүлүш сот имаратынын арткы эшиги жакка коюлганын айткан. Имараттагы кишилер сыртка чыгарылган.

"Окуя болгон жерге келген УКМК менен ИИМдин кызматкерлери аймакты тыкыр иликтеп, эч кандай жардыруучу затты тапкан эмес. Жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында шектүү катары 16 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран бейбаштык кылып жалган маалымат берген. Учурда тийиштүү тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0