Муфтий Дача-Суу айылындагы кырсыктан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудники МЧС на месте крушения самолета недалеко от аэропорта "Манас"
Сотрудники МЧС на месте крушения самолета недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин айтканына караганда кырсыкка коюу туман себепкер болгон.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жана муфтий Максат ажы Токтомушев Дача-Суу айылындагы учактын кыйрашынан каза болгондордун жакындарына көңүл айткан билдирүүсүн муфтият таратты.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен "Гонконг-Стамбул каттамы менен келе жаткан "Түрк аба жолдору" авиакомпаниясына таандык "Боинг – 747" жүк ташуучу учагы "Манас" аэропортуна жакын Дача-Суу айылына кулап түшкөн. Учак Бишкекке май куюу үчүн токтомок.

"Жараткан Алла Таала ар бириңиздерге бекем сабырдуулукту жана кайраттуулукту берсин. Бул кырсыкты жалпы мусулмандар жана кыргыз эли терең кайгыруу менен кабыл алып, мекендештерибиз үчүн оор жоготуу деп билемин. Алла Таалам маркумдарыбызды өз ырайымына алып, ага-тууган, жакындарына сабыр берсин", — деп айтылат билдирүүдө. 

ӨКМдин айтымында, кырсыкка коюу туман себепкер болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0