БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" ишканасынын түштүк бөлүмү күйүүчү май сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, ишкана бензин сатып алуу үчүн 7 миллион 584 миң сом сарптоого даяр.
Тендер 26-декабрда жарыяланып, мөөнөтү келерки жылдын 17-январында аяктайт.