23:56 21 Аяк оона 2017
Түз эфир
Дарыгер-педиатр Айнура Аманбаева

Педиатр Аманбаева: баланын шилекейи тамак жегиси келгенде агат

© Фото / Бермет Бактыбек кызы
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Гүлдана Талантбекова
163870

Өзүң оорусаң да көп билинбейт. Чүрпөлөр "ө-хө" деп жөтөлүп койсо жаныңды коерго жер таппай каларың турган иш. Журналист Гүлдана Талантбекова жаш балдардын психологиялык жана физикалык жактан өсүп-өнүгүүсүндө эмнелерге көңүл буруу маанилүү экендигин билип көрдү.

Дарыгер-педиатр Айнура Аманбаева энелердин керектүү бир катар суроолоруна токтолду.

— Учурда балдар сасык тумоого көп кабылып жаткан мезгил. Балдар бейтапканасына баш баксаң кезектин көптүгүнөн баш адашат. Бул оорунун алдын алуу, дарылоо жолдорун айта кетсеңиз?

— Жыл сайын жаз-күз айларында сасык тумоо күчөйт. Быйыл октябрдын этегинде кар жаап коюп балдардын көбү ооруп калды. Өзгөчө бала бакчага, мектепке баргандар бири-биринен жугузуп алып жатышты. Андан кийинкилерин сураштыра келгенде көбү жаңы конуштарда отун-көмүрү жок жашагандар болуп жатты. Ошолор көбүрөөк сыркоолоп, ооруга даяр эместей сезилди.

Гриппти үй шартында дарыгердин кеңеши менен дарылап койсо болот. Үйдү шамалдатып, күн тийгизип, балдарга суусундуктан көбүрөөк берип туруш керек. Бейтапканага айла кетип, оору өтүшүп кеткенде жиберген туура эмес. Жайында организмди жакшылап чыңдаса, кышында ооруга туруштук бере алышат.

— Сасык тумоого кайдыгер мамиле кандай жыйынтыкка алып келиши мүмкүн?

— Ден-соолук кескин начарлайт. Өтүшүп кеткен убакта менингит, пневмония оорулары келип чыгат. Балдар эмес, чоңдор деле олуттуу мамиле жасашы керек. Сасык тумоо — вирустук оору. Вируска ашыкча бактериялар кошулганда менингитке жетип чарчап калган дагы балдар бар.

— Балдардын муун оорулары тууралуу кеп кылсак. Эмнеден улам балдардын дене түзүлүшү туура эмес калыптанып калат?

— Эгерде балдардын муун оорулары тубаса болсо төрөлгөндө эле билинет. Бир буту кыска же бир жери өрчүбөй калса дисплазия деп коебуз. Сөзсүз ортопеддерге жөнөтөбүз.

Кээде өспүрүмдөрдүн сөөктөрүнө кальций жетишпегендиктен какшап ооруйт. Айрым учурда бруцеллез болуп калышы ыктымал. Алгач текшерүүдөн өткөрүп консультацияларга жиберебиз.

Врач-педиатр Айнура Аманбаева
© Фото / Бермет Бактыбек кызы
Айнура Аманбаева: сөөк өскөндө эти ошого жараша кубалап жетиши керек. Жете албай калганда сөөк өсүп кетет дагы кан тамырлар сезгенип ооруй баштайт. Биз массаж жасап, витамин жазып беребиз. Ата-энелер балдарды алаксытыш үчүн "боюң өсүп жатат" деп келишкен

— Биз кичинекей кезде буту-колубуз ооруп жатса, ата-энелер сөөгүң өсүп жатат деп койчу. Бул сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?

— Сөөк өскөндө аны менен кошо эт, кан тамырлар, нервдер өсүшү керек. Мындайча айтканда, сөөк өскөндө эти ошого жараша кубалап жетиши керек. Жете албай калганда сөөк өсүп кетет дагы кан тамырлар сезгенип ооруй баштайт. Биз массаж жасап, витамин жазып беребиз. Ата-энелер балдарды алаксытыш үчүн "боюң өсүп жатат" деп келишкен.

— Баламдын тиши чыкпай жатат дегендерди да угуп калам. Тиш канча жашында толук чыгып бүтүшү керек?

— Балдардын тиши алты айдан баштап шарттуу түрдө чыгышы керек. Алты айында асты-үстүнө эки, бир жашта сегиз тиш чыгып калышы зарыл. Айрым балдардыкы сегиз-тогуз айында чыгат. Булардын баары эненин организмине жараша болот. 1,5-2 жашында бардык тиштер толук чыгып калышы керек.

— Тамакка табити тартпаган арык балдар кездешет. Алар эмне себептен тамак жегенден качышат?

— Балам арык, тамак ичпейт дегендер көп. Таттууну көп жеген баланын табити тамакка тартпай калат. Алты айдан баштап балага аз-аздан түрлөп тамак берип башташ керек. Мага "балам тамак жебей жатат" деп келген келиндерге "балага тамакты түрлөп, кооздоп, фантазияны кошуп бергиле" дейм. Үйдө жасалган тамактардан, майы жок, тузу азынан эзип жедириш керек. Анан баланын шилекейи агып жатат деп келишет. Баланын шилекейи негизинен тамак жегиси келгенде агат. Ошол мезгилде берип калса жейт. Анан балдар кичинекей кезинен эле толмоч болушу шарт эмес. Баланын тукум жагына көп басым жасалат. Көп кыймылдаган балдар арыгыраак, ошол эле учурда ой жүгүртүүсү тез болот.

Жайында көчөдөн ар кайсыны сатып жей берип балдардын жайында ич өткөгү, кусмайы башталат. Ошондон көрө өзүбүздүн баткенден чыккан өрүк, кактардан пайдалансак дурус болмок. Ошолордон эле компот кайнатып берген эң сонун.

Балдарга берилип жаткан витаминдер тууралуу айта кетсем. Негизи витаминдерди тамак-аштан алган эң сонун. Бирок балдарыбыздын баары эле күнүнө 200 грамм эт жеп жатат деп айта албайбыз. Ким кандай шартта жашап жатканын текшерип барганда көрүп жатпайбызбы. Айрым учурда тамак-аштын жетишсиздигинен витаминдерди таблетка, ар кандай аралашмалардын жардамы менен алууга туура келет.

— Акыркы жылдары сиздин көзөмөлүңүз боюнча балдар арасында кандай оорулар көбөйүп жатат?

— Балдардын тубаса жүрөк оорусу көп кездешүүдө. Эне төрөгөндөн кийин калыбына үч жылда келет. Бизде ал эреже сакталбай жатат. Келиндерди гинекологго алып барып сактануучу каражаттарды пайдалангыла деп жемелейм. Ата-энелери менен дагы жаман көрүнүшкөн учурлар кездешет. Медицинада оорунун алдын алуу ыкмалары бар. Негизи ичтен бир мүчүлүштүктү байкап калышса дарыгерлер аборт кылыш керек деп айтышат, бирок энелер тил албай коюп жарыкка майып балдарды алып келишүүдө… Башы оорулуу, бөйрөк оорулуу болуп төрөлгөндөр да бар. Учурда аз кандуу энелердин саны 70-80 пайызды түзөт. Булардын бардыгына эле организмди чыңдагыла деп айтып келебиз. Кудайга шүгүр, азыр интернет деген бар. Жаштарыбыз ал жактан да кеңештерди окуп жатышат.

— Тукум куучу оорулардын түрлөрүн да мүнөздөй кетсеңиз?

— Тукумунда оору болсо кийинчерээк билинет. Медицинада түзүлүшү боюнча ооруган адамдардын төмөнкүдөй типтери бар: астеник, нормастеник, гипперстеник. Астениктер ичеги-карын ооруларына жакын болот. Нормастениктер көп оорушпайт. Гипперстениктер болсо бойлору кичинекей, толук болгондуктан жүрөк ооруларына көп кабылып, ачуулуу келет. Ошондуктан адам тукумуна жараша калыптанат.

Балдардын психологиялык жактан жабыркаганы көп факторлордон улам келип чыгат. Курсактагы кезинде баш жагына доо кетип, инфекция кирип кетсе тубаса оорулуу болуп төрөлүшүнө алып келет. Чындыгында жаш кезинде психологиялык жактан көйгөйлөрдү жеңип коюу жеңил. Мектептен мугалимдер, үйдөн ата-энелер баланын жүрүм-турумуна байкоо жүргүзүп турушу керек.

Врач-педиатр Айнура Аманбаева
© Фото / Бермет Бактыбек кызы
Айнура Аманбаева: кээ бир энелер баласы жакшы чоңойо электе жумушка чыгып алып, баланы үчүнчү-төртүнчү планга жылдырып коюшат. Анан кичинекейлерди эже-сиңдилери, чоң-апа, чоң-аталары багат. "Сенин балаңдын өзүңдөн башка эч кимге кереги жок" деп келген энелерге айтуудан тажабайм

— Балдардын ичи өткөгү тууралуу кеп кылсак?

— Ичи өткөк — бул жугуштуу оорулардын бири. Балдардын ич өткөгү биринчиден тазалыкты сактабагандан болот. Жаздан баштап күзгө чейин байма-бай ичи өткөк менен күрөшөбүз. Кээ бир энелер баласы жакшы чоңойо электе жумушка чыгып алып, баланы үчүнчү-төртүнчү планга жылдырып коюшат. Анан кичинекейлерди эже-сиңдилери, чоң-апа, чоң-аталары багат. "Сенин балаңдын өзүңдөн башка эч кимге кереги жок" деп келген энелерге айтуудан тажабайм.

Бир жолу энеси жумушка кеткенде алты айлык баласын сиңдиси карап калат. Ал күрүчтү көп берип салыптыр. Кыйналган кызга операция жасап 200 грамм күрүч алып чыгышкан. Кээ бирлер ушинтип туура тамак бергенди билишпейт. Айрымдар балдардын оозуна кургак эле бирдемелерди тыга беришет. Кээде кабылдамага балдардын көздөрү алайып, ооздору кургап келишет. Анан "ой, суу берчи" десең балдар тимеле жыргап, жакшы болуп кетишет. Бала суусундукка көбүрөөк муктаж.

— Мектепке барса деле апасынын эмчегин эмген балдар бар. Мындан улам баланы канча жашка чейин эмизүү туура?

— Баланы эки жашка чейин эмизүү программасы киргизилген. Ал эми 1996-жылдан бери эркин эмизүү программасы иштеп келет. Төрөлгөн бала бир күндө күндүзү он экиден, түнкүсүн сегизден ашык ирет эмчек эмет дегенди түшүндүрөт. 6-7 жашка чейин эмгенде деле булактап сүт чыга бербейт. Бала менен эне көнүп калып ортодо бирин-бири алаксытуу эле болот. Бала эки жашка чейин эмсе 40-50 жашында кант диабети, жүрөк оорулары менен оорубайт деп айтышат. Бирок алты айынан баштап аз-аздан тамак жеп башташы керек. Алгач эки-үч аш кашык, сегиз айында болсо он кашыкка жетип калышы керек. Ортодо шам-шум этүү деген бар. Мында балага алма, банан, түрдүү жер-жемиштер берилет.

— Балага жасалма сүттөрдү берүүнүн зыяндуу жактары барбы?

— Жасалма нерсе эненин сүтү балага каршы келген кезде же баланы багып алган кезде берилет. Аларга кошуп витаминдерди беребиз. Сүтү жетпей калган энелер дагы колдонушат. Жасалма сүткө кошуп витаминдерди да берип жүрөбүз. Ал тамактар баланын салмагына, айына жараша эсептелип берилет. Зыяндуу жактары деле жок. Бирок эненин сүтүнөн өткөн эч нерсе жок.

— Кичинекей баланы жуунтуу, туура кийиндирүү тууралуу кеңештерден айта кетсеңиз?

— Баланын киндиги түшкөн кезден баштап күнүгө киринтип турса баланын денеси чың болот. Үйдүн шарты келбесе эки күндө бирден киринтүү туура. Жаңы төрөлгөн бала керек болсо денеси менен дем алат. Терди да көп бөлүп чыгарышат. Маалы менен жуунтуп койсо жакшы уктап, сергек турушат.

Баланы кийиндиргенде болушунча кенен кийимдерден алыш керек. Кийим баланын денесин кыспай, дем алуусуна, сөөктөрүнүн туура өсүшүнө шарт түзүшү керек. Уктап турганда баланы көмкөрөсүнөн, сүт эмгенден кийин жыйырма мүнөт бала кекириш үчүн тигинен кармап туруш керек. Келиндерге "памперсти конокко барганда эле колдонгула" деп айтып турам. Антпесе аба өткөрбөй, денени аллергия кылат. 

Тема боюнча

Сабырбек Жумабеков: жигитине жагыш үчүн боюн узарткан кыздар бар
Дарыгер Жумабеков: ангина жүрөк сыздатса, кулак-мурун оорусу мээге чабат
Белгилер:
педиатрия, бала, Айнура Аманбаева

ЭҢ МААНИЛҮҮ