Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Бишкекте пиротехника сатыла турган атайын базар ачылат

Жазылуу
Мэрия менен экологиялык техникалык коопсуздук агенттиги учурда атайын жай издеп жатат.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бишкекте пиротехника сатыла турган атайын базар ачылат турганын Экологиялык техникалык коопсуздук мамагенттигинин өкүлү Данияр Исмаилов Sputnik Кыргызстан агенттигинде болгон маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, пиротехникаларды мыйзамсыз сатуу төмөндөгөн.

"Шаардагы базардын жетекчилери сатуучулар менен түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзүп калышты. "Ош" базарында акыркы жолу жүргүзүлгөн рейдде биз бир дагы мыйзам бузууну аныктаган жокпуз", — деди Исмаилов.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча мэрия пиротехникаларды сата турчу атайын базар ачууга аракеттерди көрүп жатат.

"Базар мыйзамсыз сатууларды азайтуу жана жарандардын коопсуздугун сактоо үчүн жасалууда. Себеби, бизде пиротехникаларды керектүү деңгээлде сактоо үчүн кампалар аз", — деди ал.

Исмаилов ошондой эле аталган базардын аймагында коопсуздук чараларынан сакталышына алар көзөмөл кыла турганын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0