БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата башка өлкөлөрдө ири иш-чаралар уюштурулса, Кыргызстанда өкмөт мүчөлөрү жазуучунун бейитине барып койгонго жараган жок. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңеште ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.
Белгилей кетсек, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Шекер айылында жарык дүйнөгө келген.
"Айтматовдун туулган күнүнүн урматына карата өнүккөн өлкөлөрдө иш-чаралар уюштурулду. Ал эми бизде бир да эскерүү болгон жок. Атургай бир дагы өкмөт мүчөсү мүрзөсүнө барып куран түшүргөн жок", — деди Момбеков.
Эл өкүлү мындай көрүнүш жан кейитерлик экенин кошумчалады.