21:36 01 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7969
  • EUR95.9477
  • RUB1.1463
Коом
Кыскача шилтеме алуу
86 0 0

Бишкектиктерге көнүмүш болгон жерлерден тышкары жаңы жылдык балатылар парктарда, соода борборлорунда жана окуу жайларда болот.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Жаңы жылга карата шаардык мэрия борбор калаанын 13 жерине балаты коерун муниципалитет билдирди. 

Маалыматка ылайык, Ала-Тоо аянтында башкы балатыны орнотуу иштери башталды. Эскерте кетсек, аны күйгүзүү аземи 19-декабрга белгиленген. 25 метрлик жасалма балатыны "Бишкексвет" менен "Тазалык" муниципалдык ишканалары орнотууда.

Ленин районуна караштуу улуттук филармониянын алдына 15 метрлик балаты коюлат. Мындан тышкары, ушул эле райондун аймагына дагы беш балаты орнотулат. 

Биринчи Май районунда жаңы жылдык балаты Панфилов атындагы паркты кооздойт. Свердлов районунда Алматы көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине балаты коюу пландалып жатат. Октябрь районунда Дайыр Асанов атындагы сейил бакка 11 метрлик балаты коюлары маалым болду. Ушул эле паркта жаңы жылдык жарманке уюштурулуп, оюнчук, балаты, пиротехника жана башка жаңы жылдык атрибуттарды сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. 

"Зеленстрой" ишканасы кароосуз калган балдардын реабилитациялык борборунун аймагына, балдардын социалдык адаптациялашуу борборуна, "Айданек" балдар борборуна жана майып балдардын борборунун аймагына балаты орнотуп берет. 

Мындан тышкары, мэрия мекеме имараттарынын жаңы жылдык жасалгасы үчүн сынак жарыялады.

Тема боюнча

Бишкекте пиротехникалык каражаттарды мыйзамсыз саткандарды кандай жаза күтөт
Жаңы жылдык балатынын түрлөрү сатылган жаңы базар ачылды
Белгилер:
Бишкек мэриясы, Жаңы жыл, балаты

ЭҢ МААНИЛҮҮ