02:14 29 Бугу 2017
Түз эфир
Учак. Архив

Москвада сасык тумоодон каза болгон кыздын сөөгү Кыргызстанга алып келинди

© Sputnik / Максим Блинов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
581 0 0

Кыз сасык тумоолоп, дене табы өтө жогорулап кеткенине карабай үйүндө жата берген. Ошол маалда ага ийне сайышкан.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Москвада сасык тумоодон каза болгон 20 жаштагы кыргыз жаранынын сөөгү Кыргызстанга жеткирилди. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, кыздын Бакзат аттуу таанышы кыз тумоолоп, дене табы өтө жогорулап кеткенине карабай үйүндө жата бергенин айткан. Ошол маалда ага ийне сайышкан. Бирок кыз Тез жардам келгенче эле үйүнөн каза болуп калган.

"Кыздын өлүмүнүн себептери соттук-медициналык экспертизадан кийин белгилүү болот. Ал эми маркумдун сөөгүн жакындары 3-декабрь күнү кечки саат 20.30да Москва — Бишкек авиакаттамы менен алып кетишти", — деп айтылат билдирүүдө. 

Ошондой эле сөөктү алып кетүү үчүн зарыл документтердин баарын элчилик даярдап бергени жана аны мекенине узатууга жумуш берүүчү тарап дагы катышкандыгы айтылды. 

Маркум "Арарат-плаза" мейманканасына тазалоо кызматтарын көрсөткөн "Айым" же "F 5 сервис" компанияларынын биринде иштеп кплген.

Сасык тумоону дарылоодогу 5 катачылыкты Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Тема боюнча

Кыргызстанда сасык тумоодон 12 киши реанимацияда жатат
Карантин маалында мугалимдер мектептерди тазалап, дептер текшерүүдө
Белгилер:
өлүм, сасык тумоо, Москва

ЭҢ МААНИЛҮҮ