13:08 20 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.3240
  • RUB1.0953
Украинанын президенти Петр Порошенконун архивдик сүрөтү

Атамбаев менен Порошенконун бүйүр кызыткан "сүйлөшүүсү" интернетке чыкты

© AFP 2019 / JURE MAKOVEC
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Порошенко менен Атамбаевдин "сүйлөшүүсү" (10)
188910

Өзүн Алмазбек Атамбаев деп тааныштырган пранкер үнү Украинанын президенти Петр Порошенкого абдан окшош киши менен сүйлөшкөн.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Вован деген ат менен көпчүлүккө белгилүү пранкер Владимир Кузнецов "Кыргызстандын президентинин атынан Петр Порошенко менен болгон телефондук сүйлөшүүнү" интернетке чыгарды.

2-ноябрда Украинанын президентинин расмий сайтында Порошенко Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен болгон сүйлөшүүсү тууралуу маалымат жарыялаган. Ал эми Кыргызстандын президентинин аппараты өлкө башчысы украиналык кесиптеши менен эч кандай сүйлөшпөгөнүн билдирип, балким ал тамаша болушу ыктымалдыгын айткан. Кийинчерээк Украинанын президентинин сайтындагы бул маалымат алынган

Өзүн Алмазбек Атамбаев деп тааныштырган пранкер үнү Украинанын президенти Петр Порошенкого абдан окшош киши менен сүйлөшөт.

Пранкер сүйлөшүп жаткан кишисинен ал эмне үчүн КМШ мамлекет башчыларынын акыркы саммитине катышпаганына кызыккан.

"Биз алгач норманд форматындагы маселелерди жөнгө салып алышыбыз керек. Себеби Бишкекте боло турчу КМШ саммитинде чыр чыкпашы керек", — деп үнү Украинанын президентине окшогон киши жооп берген.

Сүйлөшүп жаткан кишинин саясий абал тууралуу айткандарын уккан КРдин жасалма президенти кесиптеши Порошенкону бардык маселелерде колдой турганына сөз берген. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында алар Россияда "өздөрүнүн" кишилеринин фабрикасын курууну макулдашкан.

"Мен сизге абдан ыраазымын. Бирге бололу. Чоң рахмат, мен биздин сүйлөшүүбүзгө ыраазы болдум. Биздин багытыбыз бир гана пайда алып келсин деп колуңузду бекем кысам. Жакшы тур, ийгилик коштосун, колуңду дагы бир жолу кысам", — деп үнү Порошенконукуна окшогон киши сөзүн аяктаган.

Украинанын президентинин аты буга чейин да мындай тамашаларда аталган. 2016-жылы 10-мартта украиналык аскер Надежда Савченко өзүнүн Twitter баракчасына Порошенконун катын жарыялаган. Президент аны ачкачылыкты токтотууга чакырып, өкмөттөн кызмат берерин айткан. Кийин бул каттын жасалма экени аныкталган. Адвокат ага Украинанын башкы консулдугунан чалып, Порошенконун атынан кат келгенин билдиришкенин маалымдаган. Пранкер Вован кат менен телефон чалуу тамаша болгонун билдирген эле.

Тема:
Порошенко менен Атамбаевдин "сүйлөшүүсү" (10)

Тема боюнча

Эрлан Абдылдаев: Порошенкого Кыргызстандын номеринен телефон чалынган
Украина менен КРдин ТИМ башчылары "телефондогу сүйлөшүү" боюнча пикир алышты
Белгилер:
пранкер, Алмазбек Атамбаев, Петр Порошенко, Украина, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ