04:59 08 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6016
  • RUB1.1108
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Порошенко менен Атамбаевдин "сүйлөшүүсү" (10)
256 0 0

Интернетте Украина президентинин расмий сайты делген порталдан Атамбаев менен Порошенко телефондон баарлашып, кыргыз-украиналык мамилелер тууралуу сүйлөштү деген маалымат тараган.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков Алмазбек Атамбаев Украина президенти Пётр Порошенко менен телефон аркылуу сүйлөштү деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Бир аз убакыт мурун интернет айдыңында Украина президентинин расмий сайты делген порталдан Атамбаев менен Порошенко телефондон баарлашып, кыргыз-украиналык мамилелер тууралуу сүйлөштү деген маалымат тараган.

Мындай жаңылык Украинанын бир катар ЖМКларына жарыяланып кеткен.

Исаков аталган маалымат чындыкка дал келбей турганын айтып, украина лидерин кимдир бирөө тамашага салышы мүмкүндүгүн белгиледи.

Ошол эле порталда акыркы күндөрү Порошенко телефон аркылуу бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү жазылат. Мисалы, 28-октябрда Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган, Европа комиссиясынын жетекчиси Жан-Клод Юнкер, Европарламенттин президенти Мартин Шульц жана Европа кеңешинин башчысы Дональд Туск менен "баарлашкан". Ал эми 31-октябрда Нидерландынын премьер-министри Марк Рютте менен "сүйлөшкөнү" маалымдалат.

Тема:
Порошенко менен Атамбаевдин "сүйлөшүүсү" (10)

Тема боюнча

Аскар Акаев Россиянын каналына эмне деди
Белгилер:
Петр Порошенко, Алмазбек Атамбаев, Кыргызстан, Украина

ЭҢ МААНИЛҮҮ