Египет менен Кыргызстандын муфтияты кызматташмай болду

© Фото / пресс-служба ДУМКАзирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев Египеттин муфтийи Шауки Аллам менен жолугушуу учурунда
Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев Египеттин муфтийи Шауки Аллам менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Максат ажы Токтомушев Египеттеги бир канча имамдар менен жолугуп, жаңы долбоорлорду сүйлөштү.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Египет менен Кыргызстандын муфтияты кызматташат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди. 

Маалыматка ылайык, азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев Египеттин муфтийи Шауки Аллам менен аталган өлкөгө болгон иш сапарынын алкагында жолугушкан. 

"Шауки Аллам менен муфтий жолугушуп эки тараптуу кызматташуу, дин, билим алуу жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташууга даяр экендиктери белгилүү болду", — деп жазылат маалыматта.

Максат ажы Токтомушев мындан сырткары Египеттеги бир канча имамдар менен жолугуп, жаңы долбоорлорду сүйлөштү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0