Бишкекте үч подстанция курулат

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЭлектр станция. Архив
Электр станция. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Түндүк электр" ААК жогорку кубаттуулуктагы үч подстанция курат. Эгер ал ишке берилсе, жаңы имараттарды электр энергиясы менен камсыз кылат.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Шейшемби күнү "Түндүк электр" ААК жогорку кубаттуулуктагы үч подстанциянын курулушуна тендерден утуп алган PESTECH & SPECO малайзия-кытай бирикмеси менен келишимге кол койду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Токтогул суу сактагычынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Токтогулда суу көбөйдү. Кыштан үшүбөй, үлдүрөбөй чыга алабызбы?..
Тендерге катышуу үчүн арыз берген он компаниянын басымдуу бөлүгү чет өлкөлүк ишканалар.

Келишимге "Түндүк электр" ААК башкы директору Аскар Эшимбеков жана PESTECH компаниясынын башкы директорунун орун басары Десмонд Лим Пэй Чин кол коюшту. Подстанциянын курулушу 2017-жылдын аягына чейин аяктап, ага 8,5 миллион доллар керектелет.

Биринчи жогорку кубаттуулуктагы "Орто-Сай" подстанциясы №3 кичи районуна, Орто-Сай базарына жакын курулат. Экинчиси — Исанов жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишине, ал эми "Бишкек" подстанциясы Айтматов жана Саратов көчөлөрүнүн аймагында курулат.

"Бишкек" подстанциясы ишке берилсе электр энергиясынын жалпы кубаттуулугу 40 MВт чейин жетет", — деп билдирди басма сөз кызматы.

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга электр менен камсыздоо ишенимдүүлүгүн жакшыртуу максатында 25 миллион доллар каражат бөлгөн. Долбоор "Түндүк электр" ААК аркылуу Бишкек Чүй жана Талас облустарын электр энергия менен камсыздоонун сапатын жакшыртууга багытталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0