02:54 24 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Интернетте иштөө. Архив

Ассоциация: Казакстан интернеттин баасын төмөндөткөн жок

© Sputnik / Александр Кряжев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы интернеттин кымбатташы (25)
94 0 0

Казакстан интернетке болгон бааны төмөндөткөнү тууралуу маалымат тараткан.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Казакстандык байланыш операторлору интернетке болгон бааны төмөндөттү деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Байланыш операторлор ассоциациясынын директору Нурбек Абасканов билдирди. 

Эске сала кетсек, август айынын башында жергиликтүү интернет провайдерлер баанын өсүшүн жар салып, мындай өзгөрүүлөр Казакстан тарабынан баанын көтөрүлүп жатканына байланыштуу болгон. КРдин интернет провайдерлери бир гана Казакстан менен иштешет. 

"21-сентябрь күнү Астана шаарындагы эки тараптуу жолугушуудан улам интернеттин баасы төмөндөйт деп үмүттөнгөнбүз. Бирок анда маселе 10 күн ичинде чечилери айтылган. Азыр убакыт бар. Бирок алар бааны төмөндөтпөй калды окшойт", — деди Абасканов. 

Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Кеңешбай Тайлаков интернеттин баасынын төмөндөшү боюнча маалымат таратпаганын билдирди. 

"Биздин агенттик маселени чечүү боюнча бардык аракеттерди көрүп жатат. Ушул маселени чечүү үчүн жетекчибиз Москва шаарында жүрөт. Чечим кабыл алынаары менен журналисттерге кабарлайбыз", — деди Тайлаков. 

Адистер маселени Евразиляык экономикалык комиссиянын деңгээлине чейин көтөрүү керектигин да айтып чыккан жайы бар.

Тема:
Кыргызстандагы интернеттин кымбатташы (25)

Тема боюнча

Казакстандык операторлор 10 күн ичинде интернетке жаңы тариф сунуштайт
Байланыш комитети Интернеттин кымбатташы боюнча Казакстандан түшүндүрмө талап кылат
Белгилер:
баа, интернет, Казакстан