Кытай лидери Си Цзиньпин Атамбаевдин тезирээк сакайып кетишин каалады

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүКытай лидери Си Цзиньпиндин архивдик сүрөтү
Кытай лидери Си Цзиньпиндин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Си Цзиньпин кыргыз президентинин ооруканага жатып калганы тууралуу кабарды өтө тынчсыздануу менен кабыл алганын айткан.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кытай лидери Си Цзиньпин президент Алмазбек Атамбаевдин тез сакайып кетүүсүн каалап, анын сыркоолоп калгандыгы тууралуу кабарды тынчсыздануу менен кабыл алгандыгын айткан. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

"Сиздин сыркоолоп, ооруканага жатып калганыңыз тууралуу кабарды өтө тынчсыздануу менен кабыл алдым. Тез арада сакайып кетишиңизге тилектештигимди билдирем", — деп айтылат Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин телеграммасында.

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Москва: Атамбаевдин алын сурап барууга кыргызстандыктардын көбү даяр турат
Мындан үч күн мурда президент Атамбаев дарылануусун улантуу үчүн Москва шаарына россиялык адистердин сунушу жана чакыруусу менен келген. 

Эскерте кетсек, Атамбаев 19-сентябрь күнү Нью-Йоркто өтүүчү БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясына баратып, Стамбулдан өзүн жаман сезип, аны Тез жардам алып кеткен. Андан соң Түркиянын Измир шаарындагы мейманканалардын биринде экени айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0