22:39 01 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7969
  • EUR95.9477
  • RUB1.1463
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Ажылык — 2016 (52)
91 0 0

Сауд Аравиясында ажылыкты уюштурган КРдин көчмө штабы зыяратчылардын мекенге кайтуусу боюнча рейстерин даярдап жатат.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргызстандык ажылар толугу менен ажылык сапарын өтөп, учурда мекенине кайтууга кам көрүп жатат.  Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, ажылыкты уюштурган көчмө штаб кайтуу боюнча рейстерди даярдап жатат.

"Ажылык сапары быйылкы жылы башка жылдардан өзгөчөлүгү — тамак-аш, заманбап автобус жана Мина, Арафат, Муздалифа аймактарына ажыларды ташуудагы автобустардын өз учурунда жеткиргендигинде болду. Ал эми жалпысынан зыяратчыларга жакшы шарттар түзүлдү",  —  деп билдирди муфтияттын маалымат кызматынын өкүлү Максат Атабаев.

Учурда ажылардын саламаттыгына кам көргөн дарыгерлер жардамга муктаж болгондоруна кеп-кеңештерди берүү менен дары-дармектер менен камсыз кылышууда. 

Кыргызстандык ажылар 30-сентябрга чейин  кезек-кезеги менен кайтып келе баштайт. 

Тема:
Ажылык — 2016 (52)

Тема боюнча

Кыргызстандык ажылар үчүн быйыл биринчи жолу 24 тонна муз бөлүндү
Белгилер:
Мекке, Максат Атабаев, ажылык сапар, зыярат

ЭҢ МААНИЛҮҮ