Элчилик: Москвада өрттөнгөндөрдүн жакындарына компенсация төлөнө баштады

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүМосквадагы басмаканадагы өрт. Архив
Москвадагы басмаканадагы өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каргашалуу окуя болгон басмакананын директору Сергей Москвин буга чейин каза болгондордун жакындарына компенсация төлөнө турганын айткан.

БИШКЕК, 13- сен — Sputnik. Москвадагы өрттөн каза болгондордун жакындарына басмакананын директору тарабынан компенсация төлөнө баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КРдин Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гулбарчын Байымбетова билдирди. 

Эске салсак, 27-августта Москвадагы басмаканада өрт чыгып, анда 14 кыргызстандык кыз-келин жана россиялык үч аял каза болгон. Басмакананын директору Сергей Москвин андан каза болгон 17 адамдын үй-бүлөсүнө компенсация төлөй турганын адвокаты Елена Звездина аркылуу билдирген эле

"Бүгүнкү күндө басмаканадагы өрттөн жабыркап ооруканага түшкөн кыргыз жарандары толугу менен сакайып, ооруканадан чыгышты. Үч адамдын экөө Кыргызстанга кетсе, бир жигит бул жакта калып иштемей болду",— деди Байымбетова.

Ал басмакананын директору Москвин 10-сентябрдан тартып жабыркагандарга жардам берип жатканын кошумчалады. 

"Учурда канча сом төлөнгөнү тактала элек. Жардамдар толук кандуу берилген соң биз сөзсүз кабарлайбыз", — деди маалымат кызматынын жетекчиси.

Ал эми өрттөн аман калган Оморбек кызы Сайкал азырынча жардамдар ооруканага жатып чыккандарга гана берилгенин билдирди. 

"Ооруканага жатып чыккандарга 20 миң рублдан беришти. Ал эми каза болгондордун да жакындарына жардам беребиз деп жатышат. Суммасы канча экенин билбейт экенмин", — деди Оморбек кызы. 

Москвадагы басмаканадагы болгон өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада өрттөнүп кеткен КР жарандарынын айлыктары бериле баштады
Эске сала кетсек, буга чейин Сайкал Оморбек кызы Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылып, өрт учурунда документтери жоголгонун айткан эле. Ал эми элчилик маселе жакынкы күндөрү чечилерин билдирген.

"Документи жоголгондорго убактылуу жүрүүгө боло турган уруксат кагаздарды жасап бердик. Анын жардамы менен жүрө турса паспорттору жасалып бүткөн соң толук кандуу документтерин жасап беребиз", — деди Байымбектова. 

Анткен менен Сайкал Оморбек кызы элчилик жасап берген уруксат кагаз менен жумушка албай жаткандыгын айтып, чет элдик паспорту менен документ жасоого өзү киришерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0