14:17 20 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8300
  • EUR77.7592
  • RUB1.1348
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары (244)
85 0 0

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Көчмөндөр оюндары дүйнөлүк деңгээлде өттү деген пикирин айтты.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Көчмөндөр оюндары үчүн айыл өкмөттөрдөн кошумча акча жыйналды деген маалымат чындыкка коошпойт. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Аскат Акибаев билдирди.

Анын айтымында, Көчмөндөр оюндары дүйнөлүк деңгээлде өтүп, туристтер үчүн жакшы жарнама болду.

"Айыл өкмөттөрдөн кошумча акча жыйналды делген маалымат туура эмес. Эч кандай акча чогултуу болгон жок. Мыкты иш-чаранын жаман жагын чукубай, патриот бололучу. Көчмөндөр оюндары дүйнөлүк деңгээлде өттү", — деди Акибаев.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көлдө 3-8-сентябрь күндөрү өтүп, ага 62 мамлекеттен өкүлдөр келип катышкан. Ал эми эл аралык иш-чараны чагылдырууга 500гө чукул журналист тартылган.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Тема:
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары (244)

Тема боюнча

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий түрдө жабык деп жарыяланды
Чет элдик ЖМКлар Көчмөндөр оюну тууралуу
Белгилер:
эл, каражат, Аскат Акибаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ