09:51 25 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Торага Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков награждает россиянина Юрия Лугвина почетной грамотой парламента за проявленное мужество и спасение кыргызстанок при пожаре в московской типографии

Жогорку Кеңеш өрттөн кыргыз кыздарын куткарган Лугвинге грамота тапшырды

© Фото / пресс-служба ЖК
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Москва: басмаканадагы кыргызстандыктардын өмүрүн алган өрт (82)
21620

Кыргызстандык кыздарды куткарууга кыргыз жарандары дагы катышкан. Учурда алардын дареги такталып жатат. Аларга да өзүнчө сыйлыктар берилет.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Москвадагы өрттөн кыргыз кыздарды куткарууга жардам берген Юрий Лугвинге ардак грамота тапшырды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Торага Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков награждает россиянина Юрия Лугвина почетной грамотой парламента за проявленное мужество и спасение кыргызстанок при пожаре в московской типографии
© Фото / пресс-служба ЖК
Награждение россиянина Юрия Лугвина почетной грамотой парламента за проявленное мужество и спасение кыргызстанок при пожаре

Эскерте кетсек, 27-август күнү Москвадагы "Печатный экспресс" басмаканасында өрт чыгып, 17 киши каза болгон. Алардын 14ү кыргызстандык кыз-келиндер экени аныкталган. Дагы бир нече КР жарандары куткарылгандыгы айтылган.

Билдирмеге караганда сыйлык 6-сентябрда берилди. Иш-чарага ЖКнын аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушев катышкан. 

"Биз сизди кыргыз жергесинде көрүүгө ар качан кубанычта болобуз", — деп билдирди төрага.

Муну менен катар Лугвинге атайын саат белекке берилди. 

Ал эми россиялык мейман Кыргызстандын мындай жылуу мамилесине абдан ыраазы экендигин билдирди. 

"Мен II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып шумдуктуудай шоуга күбө болдум. Кереметтүү Ысык-Көлдү көрө алдым. Айрыкча улуттук тамак-аштар менен өлкөнүн жаратылышы абдан жакты. Эң башкысы кыргыздар меймандос эл экен", — деп Лугвин өз ыраазычылыгын билдирди. 

Белгилей кетсек, кыргызстандык кыздарды куткарууга кыргыз жарандары дагы катышкан. Учурда алардын дареги такталып жатат. Аларга да өзүнчө сыйлыктар берилет. 

Тема:
Москва: басмаканадагы кыргызстандыктардын өмүрүн алган өрт (82)

Тема боюнча

Москвадагы өрттөн кыргызстандыктарды куткарган Юрий Лугвинди КР ӨКМи сыйлайт
Москвадагы өрттө кыздарды сактап калган Юрий Лугвин Көчмөндөр оюнуна чакырылды
Белгилер:
сыйлык, куткаруу, Өрт, Жогорку Кеңеш, Москва
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ