Көчмөндөр оюнуна баргандар унаасын кайда токтотот?

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүУнаа токтотуучу жай. Архив
Унаа токтотуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чолпон-Ата шаарына чыгыш жана батыш тараптан кирген жерде Кайгуул милициясынын посту жайгашкан.

БИШКЕК, 2-сент. — Sputnik. Эртең баштала турган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына (ДКО) бара турган айдоочулар унааларын кайда токтотору тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ДКО катчылыгынын өкүлү Мирлан Сабыров билдирди.

Анын айтымына караганда Чолпон-Ата шаарына чыгыш жана батыштан кире турган жолдордо унаа токтотуучу жайлар уюштурулган.   

"Чолпон-Атага күндүн батыш тарабынан келип (Бишкек) кире беришине жеткенде Кайгуул милициясынын посту турат. Ошол жерде унаа токтотуучу жайды көздөй жолду көрсөткөн белгилер бар. Унаа токтотуучу жай Чолпон-Атадагы эски аэропортко уюштурулду", — деп билдирди Сабыров.

Ал билдиргендей унааларын токтоткон жарандар ипподромду көздөй атайын автобустар менен жеткирилет. Жол акысы бекер. Автобустарга иш-чаранын ачылышына билети барлар гана отура алышат. 

"Ал эми Чолпон-Атага Бостери тараптан киргенде дагы Кайгуул милициясынын посту бар. Жылкы заводдун жем даярдоочу цехине жакын жерде унаа токтотуучу жай уюштурулган. Аны табуу оордук жаратпайт. Себеби атайын белгилер коюлган. Ал жактан дагы ипподромду көздөй автобустар каттайт", — деп ырастады Сабыров.

Ал кошумчалагандай автобустар эртең саат 14.00дөн баштап каттай баштайт. Ал эми Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи бүткөндөн кийин автобустар элди кайра өз унааларына жеткирет.  

Көчмөндөр оюну баштала турган 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарынан өзүнүн башка жумуштары менен өтө турган жеңил унаа айдоочуларына калаанын ичине машинасын токтотууга тыюу салынат. Ал эми оор жүк ташуучу унаалар, автобус, микроавтобустарга оюндар бүткүчө көлдүн түштүк тарабы менен өтүү сунушталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0