Атамбаев Кытай элчилигиндеги жардырууну тыкыр иликтөөнү буюрду

Жазылуу
Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровго аталган окуяны иликтөө иштерин жеке көзөмөлгө алууну тапшырды.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаев менен ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевге Кытай элчилигинин аймагында болгон жардыруунун чоо-жайын тыкыр иликтөөнү тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Бишкектеги Кытай элчилигинде жарылуу - Sputnik Кыргызстан
Жарылууга эмне себептен Кытай элчилиги туш болду? Эксперттердин пикири
Эскерте кетсек, бүгүн, 30-август күнүн саат 10го чукул Бишкектеги Кытай элчилигинин аймагында Mitsubishi Delica үлгүсүндөгү унаа жарылып, ичиндеги кишиси каза болгон. Андан жабыркаган дагы үч киши учурда ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, абалдары туруктуу экени белгилүү болду.

Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровго аталган окуяны иликтөө иштерин жеке көзөмөлгө алууну буюрду. Мындан тышкары, өкмөт менен күч түзүмдөрүнө өлкө аймагындагы антитеррористтик чараларды күчөтүү, маанилүү объектилерди жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, ошондой эле алдыда боло турган мамлекеттик маанидеги иш-чаралардын учурунда элдин коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу боюнча бардык аракеттерди көрүү тапшырмасын берди.

Бишкектеги Кытай элчилигинин имараты жардыруудан кийинки абалын Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0