Көчмөндөр оюнуна карата Оштон Ысык-Көлгө авиакаттам ачылат

© Sputnik / Табылды КадырбековТамчы эл аралык аэропорту. Архив
Тамчы эл аралык аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аба каттамдар 2, 4, 9-сентябрь аралыгында ачылат.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Ош шаарынан Ысык-Көл облусуна карай кошумча аба каттамдары ачыла тургандыгы тууралуу Жарандык авиация департаментинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жекшемби күнү Ош — Тамчы — Ош аба каттамы жайкы сезондун бүтүшүнө байланыштуу жабылат. 

Президент выразил благодарность волонтерам Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюнуна 53 өлкөдөн миң спортчу катышмакчы
Сентябрдан тарта Ысык-Көлдү көздөй аба каттамдарын ачып берүү суранычы менен Ош шаарынын мэриясы департаментке кайрылган. Бул Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан Көчмөндөр оюндарына атайын делегациялардын катышуусуна байланыштуу. 

Каттамдар 2, 4, 9-сентябрь аралыгына пландалды. 

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көл облусунда 2016-жылдын 3-8-сентябрында өтөт. 

Мында 35 мамлекеттен келген спортчулар күрөш, салбурун, жаа атуу, интеллектуалдык оюндар жана спорттун башка түрлөрү боюнча ат салышат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү.

Жаңылыктар түрмөгү
0