22:55 13 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0880
Дүйнөлүк деңгээлдеги кыргыз ортопеди, медицина илимдеринин доктору, акедемик, профессор Сабырбек Жумбаков

Профессор Сабыр Жумабековдун айылга каты. Элитага алмашкыс классташтар…

© Sputnik / Нургуль Максутова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү (73)
2916150

Дүйнөлүк деңгээлдеги кыргыз ортопеди, медицина илимдеринин доктору, академик, профессор Сабырбек Жумабаков жасалма отуруштарды сүйбөйт, ал эми классташтары менен болгон ачык маанайдагы, шатыра-шатман жолугушууларын эч нерсеге алмаштырбайт.

Бүгүн Айылга катты Сабырбек Жумабеков жазды. Ал Талас облусунун Кара-Буурасынын Сатыкей айылында туулган.

Салам кат! Саламатсыңарбы, менин ардактуу классташтарым. Бүгүн кат жазып жатып көп учурларды кайрадан эстеп чыктым.

Эсимде… бала кездеги көчөдө жылаңайлак топурак, көлчүктөрдү кечип, сайдагы суудан ит балык кармап, аны шибегеге сайып шишкебек кылып бышырып жечүбүз. 

Эсимде… кошуна айылдын бакчасынан коон-дарбыз уурдап, кароолчу мылтык менен асманга атканда каччубуз. Бутубуздагы тапичкелер чечилип калып, таманга кирген тикенекке карабай тызылдаган тейден айылга кантип кирип келгенибизди билбей калчубуз.

Мен төрт мектепте окугандыктан, алардын бардыгында классташтарым бар, андыктан эстечү, сагынчу учурларым көп.

Эсимде… кичине эс тартып, чоңоюп 7-класста чачыбызды суулап, оңго, солго, артка тарап айылдагы шымды мыкты тиккен жигиттерге "клеш" деп аталган модалуу кең багалектүү шымдарды тиктирип, бутубузга така кошуп таманы калың батинкелерди кийип, кыздарга барчубуз.

Эсимде… биринчи ирет 8-класста окуп жүргөндө кызга кат жазган учурум.

Эсимде… отурушка барган кездерде кыздар менен бийлеп жатканда жарыкты тентек балдарыбыз өчүрө койгон учурлар…

Эсимде… бир аз чоңоюп калганда, кыз жандаганбыз. Кечинде гитара, баян тарткан балдарды коштотуп кыздарга барчубуз. Өзүбүз ойлоп таап алган белги менен ышкырып, алар чыгып… эмнени сүйлөшкөнүбүз азыр эсимде жок, бирок өзүнчө бир жакшы дүйнө эле. 

Айылдагы классташ кыздар-балдар кат жазып, аманчылыгыңарды сурап турган учурум. Силерге жогорудагыдай күндөрдү чогуу өткөрүп, бирге өсүп, өзүңөр менен тең катар жүргөн, келечекке көп максаттарды койгон, бирге кыялданган классташыңар, учурда Улуттук илимдер Академиясынын академиги Сабыр Жумабековдон чо-ооң салам!

Мен үчүн кымбат ирмемдер

Ал эми окурмандарга айтсам, менде классташ көп, санай келсем, жүздөн ашат. Мектепти бүткөнүбүзгө 35 жыл болуптур. Былтыр бир саясий окуянын шарапаты менен аларга жолугуп, сүйлөшүү, жүздөшүү, чай ичүү мүмкүнчүлүгү болду. Бул мага жакшы таасир калтырып, башкача бир дем берди. Жолуктук, сырдаштык, бийледик, ырдадык. Мен ал жактан көңүлүм тоюп, семирип, тазарып, башкача болуп кайттым. Жүрөгүмдөн чыккан, чын ниеттен айткан сөзүм – ал жолугушуулар мага азыр да кубат берип, жагымдуу маанай тартуулап турат. Балалыкты улам чоңойгон сайын сагынасың. Маселен, менин ушул турушумда ошол балалык кез мен үчүн эң ыйык, кол сермесең да жетпей турган учур.

Директор Научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии, профессор, ортопед Сабырбек  Джумабеков. Архивное фото
© Sputnik / Нургуль Максутова
Сабыр Жумабеков: Китеп окуганга убакыт көздөн уча турган. Интернаттагы чактарымда балдар түнкү 11лерде жатса, андан кийин анан китеп окуганга отурчумун

Былтыр классташтарым менен жүргөн 3-4 күн мен үчүн кымбат, улуу, эң керектүү, эң пайдалуу ирмемдерден болду, абдан эс алдым. Эми күзүндө барам деп, дегдеп турам. Чынын айтайын, мен алардан ушундай бир дем-күч алат экенмин. Анткени барганда мен да чын дилден алардын катарына кошулуп, ырдап, бийлеп, кадимки жөнөкөй жашоого сүңгүп кирем. Ачык айтсам, Бишкектеги же башка жерлердеги жолугушуулардын көбү сынама, жасалма, жүрөктөн чыккан маанай эмес. Орусча айтканда, официоз маанайда. 

Мен эми классташтарыма байма-бай каттап турууга ниеттендим. Силерге бул кат аркылуу чоң салам айтам! Бар болгула, аман болгула, бактылуу турмушта, көпкө жашагыла. Балдарыңардын, неберелериңердин жакшылыгын көргүлө, силер мен үчүн эң бийик турган адамдарсыңар, классташтарым.

Агай-эжелер жана көздөн учкан китеп

Окуткан агай-эжелериме кайрылып, салам айткым келет. Алар бизге билим берип, баарыбызга тегиз караган. Мен жогоруда төрт мектепте окудум деп айтып кетпедимби, ар бир мектепте тең лидер болуп, жакшы окуганга тырышчумун. Бир жагынан үйдө 11 баланын улуусу болгондуктан, түйшүк көп эле. Китеп окуганга убакыт көздөн уча турган. Интернаттагы чактарымда балдар түнкү 11лерде жатса, андан кийин анан китеп окуганга отурчумун. Ал эми үйдө жүргөндө мал-жанды жайгарып, оокат-жайды бир ирет караштырып, бөбөктөрүмдү уктатып коюп, тамак ичип алып анан китеп дүйнөсүнө кирип кетчүмүн.

Чынын айтайын, башка балдардай болуп, сабактан келип, башка түйшүккө аралашпай, каалаган китебиңди ээн-эркин, шашпай отуруп алып окуу деген жок эле. Андан сырткары огород, картошка, чөп бар деген бар. Талаада да иштейсиң, акча таап, өзүңдүн кийим-кечеиңди даярдайсың, инилериңе алып бересиң. Кичүүлөргө камкордук көрүү деген бир милдет көңүлдө уюп турар эле. Ошентип айылда эмгек менен чоңойдум, бирок ошол бала кездеги эмгек адамды тарбиялайт, бышырат. Адамды өжөрлүккө, ишмердүүлүккө үйрөтөт.

Мен бул катты окугандарга эмгек жана окуу келечектеги ийгиликтердин, жакшы жашоонун, жакшылыктардын башаты деп айтар элем. Мен өжөрлүк менен ушул деңгээлге жеттим. Мактангандык эмес, ошол эмгекчилдиктин айынан 30 жашымда илимдин доктору болдум, бүгүнкү күндө да Кыргызстандын медицинасынын тарыхында эң жаш илимдин доктору менмин. Бул бала кезден түзүлгөн жерпай. Андыктан эмгектене билгиле демекчимин.

Журналисттик башат, болочоктогу ортопед медицинага оогондо

Балалык кезде журналистика кызыкчумун. Жаңылбасам, 6-класстан тарта айылдагы чабандардын алган төлү, мектептеги ишембилик, тамекинин биринчи отургузулушу сыяктуу азыркыча айтканда, социалдык темаларды тынбай жазчумун. Анда сырткары ырларды, этюддарды чиймелеп калчумун. Өзгөчө жазды абдан сүрөттөөр элем.

Директор Научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии, профессор, ортопед Сабырбек Жумабеков. Архивное фото
© Sputnik / Нургуль Максутова
Сабыр Жумабеков: Балалык кезде журналистика кызыкчумун. Жаңылбасам, 6-класстан тарта айылдагы чабандардын алган төлү, мектептеги ишембилик, тамекинин биринчи отургузулушу сыяктуу азыркыча айтканда, социалдык темаларды тынбай жазчумун

Биринчи кабарым Владимир Ильич Лениндин туулган күнүнө арналган ишембиликти жазуу менен башталган. Ал гезитке "автор Сабыр Жумабеков" деп окуганда ушундай бир жагымдуу болгон. Ошондогу ар бир сүйлөмдөрүм эсимде. 10-классты бүткүчө жазып жүрдүм. Кийин облустук деңгээлде чакырып, жазмакерлигим үчүн атайын сыйлык да ыйгарышкан.

Кийин студент болгондон кийин жазып жүргөн тажрыйбам институтту бүтүп, илимий макалаларды жазуумда бир топ жардам берди. Бул жаатта мага жазуу техникасын кайрадан өздөштүрүүгө туура келген жок. Жетекчилерим да мага таңгала берчү. Жазууну кимден үйрөндүң деп да сураган. Ошентип жүрүп учурда 400дөн ашуун илимий эмгек жаздым. Бул жанагы мен айткан бала кездеги өжөрлүк, эмгекчилдик. 

Айыл, балалык айылдан шаарга келгендерин өмүр бою аздектеген темасы болуп калса керек. Мен да ошолордун биримин. Ибрагим Жунусовдун "Алып кетчи апаке, балалыкка" деген ыры бар. Аны ар дайым жакшы көрүп угам. Мен көп кабаттуу үйгө жашай албайм. Экинчиден, парктарга, чоң көчөлөрдө басканды каалабайм, андан көрө жекшембиде тоого чыгып кетем. Чуркайм, эс алам. Ал тоолордо айылдын жыты уруп турат, талаада кой, уй, жылкылар жайылып жүрөт. Бул да балалыкты эске салган бир ирмем. 

Соңку сөз ордуна

Медик болгондуктан, төмөнкүлөрдү айылдаштарыма, дегеле элге кеңеш катары айтпай коё албайм. Биринчиден, тамеки тартпагыла, экинчиден, ичкиликтен алыс болгула, той-топурда ченемин билип колдонгула дейт элем. Үчүнчүдөн, туура тамактана билип, чөп-чар, жер-жемиштерди көбүрөөк ыктап, нан менен этти азыраак колдонгула. 

Эмне демекчимин, ар дайым бейкуттукта бол, айылым! Аман болгула айылдаштарым, классташтарым.

Тема:
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү (73)

Тема боюнча

Дастанчы Өмүрзак Кайыпов: отуздан ашканда ээн тамда ыйлап… Айылга кат
Депутат Садык Шер-Нияздын айылга каты. Өкүнткөн Дубан агай менен кайран эжекелер
Белгилер:
айылга кат, сагыныч, дарыгер, Сабырбек Жумабеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ