10:28 02 Жалган Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.7835
  • EUR102.2065
  • RUB1.1450
Коом
Кыскача шилтеме алуу
64 0 0

Эки баласы бар кызын ала качып кетип, неберелерин өзү карап калган аялга ак дил адамдар тарабынан майыптар үчүн коляска, азык-түлүк, кийим-кечек жеткирилди.

БИШКЕК, 24-июл — Sputnik. Ак дил, боорукер адамдар эки небересин өзү карап калган майып аялга жардам беришти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга жардамдын жеткиргендердин уюштуруучусу Айсылу Ельчина аттуу жаран билдирди.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан редакциясы Кайыңды шаарында эки небересин багып жаткан майып таяне туурасында сюжет жасаган. Балдардын энесин Токтогулга ала качып кетишип, ал эми алар буту баспаган аялдын – таянесинин колунда калган. Балдардын улуусу, эркек бала – алты, ал эки кичүүсү, кыз небереси — төрт жашта.

Таянеси ден соолугу начардыгын, буту баспай калгандыгын жана алардын киреше булагы жок болгондуктан, тамак-аш тартыш экендигин айтып берген

Ельчина бул үй-бүлөнүн абал туурасында Sputnik Кыргызстанга жарыяланган материалдан окуп, аларга жардам берүү үчүн редакция менен байланышкан.

"Аларга жардам берүүгө даярбыз деген бир нече киши чогулду. Андан сырткары "Жетим балдарды коргоо боюнча" фондунун жетекчиси Игорь Беляевге кайрылдым. Керектүү деген оокаттардын баарын: майыптардын коляскасын, балдарга оокат-кече, тамак-аш чогултуп, кечээ жеткирип бердик. Алардын мындан аркы тагдырына көз салып, жардам көрсөтүп турмай болдук",— деди Ельчина.

Аларга азыр коңшусунун кызы жардам берип турат. Ал эми улуу небересе кол арага жарап, ал тургай тамак жасоону үйрөнүп калган.

Эки небересин багып жаткан майып таяне тууралуу Sputnik Кыргызстан видеосунан көрө аласыздар>>

Тема боюнча

Күчүктү сактайм деп сууга аккан күйөөсүнөн айрылган кош бойлуу Айзаттын тагдыры
Энесин ала качып кетишкен: 6 жашар бала оорулуу таянеси менен бөбөгүнө тамак жасап берет
Белгилер:
боорукерлик, майып, Айсылу Ельчина

ЭҢ МААНИЛҮҮ