ТИМ Мюнхендеги кыргыздарды эл көп чогулган жайларга барбоого чакырат

© AFP / STRМюнхендеги ок атууга болгон жайдан адамдарды эвакуациялоо. Архив
Мюнхендеги ок атууга болгон жайдан адамдарды эвакуациялоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын элчилиги атышуудан жабыр тарткандардын арасында кыргыздардын бар жогун аныктоо максатында Германиянын Ички иштер органдары менен биргеликте иш алып барууда.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Мюнхендеги ок атууга байланыштуу шаардагы кыргыздарды эл көп чогулган жайларга баруудан карманууга чакырат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, 22-июлда Германиянын Мюнхен шаарындагы "Олимпия" соода борборундагы куралдуу кол салуудан 9 киши каза болуп, 16 киши түрдүү жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Полициянын маалыматына ылайык, ок чыгарган жаран 18 жаштагы түбү ирандык бала болгон. Ал эмне себептен мындай ишке барганы азырынча тактала элек.

"Кыргызстандын элчилиги атышуудан жабыр тарткандардын арасында кыргыздардын бар жогун аныктоо максатында Германиянын Ички иштер органдары менен биргеликте иш алып барып жатат. Шаар ичинде коопсуздук коркунучу дале өкүм болуп жаткандыктан элчилик жарандарды эл көп топтолгон жайларга барбай турууга чакырат", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары элчилик Германияда жашаган бардык жарандарга кайрылып, жабыркагандардын арасында кыргыздар бар экендиги тууралуу маалымат болсо тез арада 030-364-11-860, 030-347-81-339 номерлерине, же 0178-740-53-37, 0157-793-020-68, 0157-875-302-87, 0176-23-24-99-61 уюлдук телефондору аркылуу байланышууну суранат.

Жаңылыктар түрмөгү
0