Бишкекте фонтандарга чөмүлүүгө тыюу салынды

© Sputnik / Табылды КадырбековФонтанда ойноп аткан бала. Архив
Фонтанда ойноп аткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күндүн ысыгынан улам шаардагы фонтандарга түшкөндөр көбөйүп кеткен.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы фонтандарга түшүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл борбору билдирди. 

Мекеме күндүн ысыгынан улам фонтандарга түшкөндөр көбөйүп кеткенин белгилейт. 

"Фонтандардагы суулар тазаланбайт. Алар көп убакыт тургандыктан бактериялар көп болуп, адамга зыян келтирет. Ошондуктан фонтандарга түшүүгө тыюу салынды", — деп айтылат маалыматта. 

Аталган мекеме тарабынан тыюу салуу боюнча атайын тактайчаларын иленет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0