03:13 26 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.6468
  • EUR80.2603
  • RUB1.0246
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракети (65)
94 0 0

Кыргыз-Түрк "Манас" Университетинин Түркияга практикага келген 8 студенти элчиликтин кызматкерлеринин үйлөрүнө жайгаштырылган.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Түркиядагы төңкөрүш кылууга жасалган аракеттер учурунда жабырланган кыргызстандыктар жок. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалыамт кызматынан кабарлашты.

"15-июлда КРдин Түркиядагы элчилиги Кыргыз-Түрк "Манас" Университетинин Түркияга практикага келген 8 студентин элчиликтин кызматкерлеринин үйлөрүнө жайгаштырды", — деп айтылат таратылган маалыматта.

Буга чейин миинстрлик Анкара, Стамбулдагы жарандар үчүн аталган шаарларды жана Бишкекте атайын телефон линияларын ачкан.

ТИМден аталган телефондорго түшкү саат 15:00гө чейин жети ирет кайрылуу болгондугун айтышты.

Маалымат кызматы Анкарадагы элчилик менен Стамбулдагы башкы консулдук жана ТИМдин тиешелүү кызматкерлери кайрылгандарга маалымат, кеп-кеңеш берип жаткандыгын билдирди.

Жума күнү Түркиянын жетекчилиги аскерий төңкөрүш жасоого аракеттер болгонун жарыялады. Президент Режеп Тайип Эрдоган өтө чоң эмес топтон түзүлгөн козголоңчулар өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери экенин айтып, жарандардын бардыгын сыртка чыгууга үндөдү. Өлкөнүн өкмөт башчысы Бинали Йылдырым төңкөрүштү теракт деп атоо менен өкмөт өз ишин улантып жатканын билдирди.

Акыркы маалыматтарда кагылышуулардан курмандыктардын саны 100 чукулдап, жарадарлар 1 154кө жетти. 

Түркияда беш генерал менен 29 полковник кызматтан четтетилип, кармалган аскер кызматкерлердин саны 1 563ке чукулдады. Ал арада Анкарада куралсыз 200 аскер багынып берди.

Тема:
Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракети (65)

Тема боюнча

Түркиядагы кыргыздар: бомба жарылганда жата калдык, терезе сынып бир кыз жаракат алды
Түркиядагы төңкөрүш аракети: курмандыктар саны 90го, жарадарлар 1154кө жетти
Белгилер:
коопсуздук, студенттер, мамлекеттик төңкөрүш, КР элчилиги, Стамбул, Анкара, Түркия

ЭҢ МААНИЛҮҮ