17:30 01 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD82.2000
  • EUR90.0665
  • RUB1.0389
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Ангела Меркелдин Кыргызстанга болгон сапары (18)
35 0 0

Кыргызстанга берилген ВСП+ статусуна ылайык Евробиримдиктин аймагына кыргыз товарларынын алты миң түрүн бажы төлөмсүз киргизүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Бирок ал үчүн заманбап лабораторияларды куруу керек.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев менен Германиянын канцлери Ангела Меркелдин жолугушуусунун алкагында заманбап лабораторияларды түзүү маселеси каралат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков брифинг учурунда билдирди.

13-14-июлда Кыргызстанга алгачкы визит менен Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель келет. Иш сапар Атамбаевдин чакыруусу менен болуп жатат.

"Кыргызстан ВСП+ программасы аркылуу Европа менен соода-сатык жүргүзүү үчүн көп иштерди аткаруусу керек. Алгач эң мыкты сапаттагы лабораторияларды түзүү иштери турат. Бул маселе Меркель менен дагы талкууланат", — деп билдирди Исаков.

Анын айтымына караганда жогорудагы максаттарды ишке ашыруу үчүн Германиядан инвестициялар тартылышы керек. Исаков Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу менен алты миллиондук рынок 180 миллионго кеңейгенин белгилеп өттү.

2016-жылдын 26-январында Европарламент Кыргызстанга ВСП+ статусун ыйгаруу чечимин чыгарган. Бул Евробиримдиктин аймагына товардын алты миң түрүн бажы төлөмсүз алып кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. 

Кыргызстан менен Германия: эки мамлекет тууралуу кызыктуу 15 факты тууралуу Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар>>

Тема:
Ангела Меркелдин Кыргызстанга болгон сапары (18)

Тема боюнча

Кыргызстандагы бейөкмөт уюм Аскаровду абактан бошотууну Меркелден суранып жатат
Белгилер:
товар, лаборатория, Евробиримдик, Ангела Меркель

ЭҢ МААНИЛҮҮ