14:48 09 Теке 2020
Түз эфир
  • USD78.0266
  • EUR88.0062
  • RUB1.0953
Коом
Кыскача шилтеме алуу
572 0 0

Жогорку окуу жайга кабыл алуу эки же үч турдан турат. Эрежелер бардык турда бирдей.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги абитуриенттерге жогорку окуу жайларга тапшыруу мөөнөтүн эскертти. 

Жогорку окуу жайлар студенттерди жалпы республикалык тесттин жыйынтыктарына карап кабыл алат. Кабыл алуу процедурасы эки же үч турдан турат. Эрежелер бардык турда бирдей:

  • Студенттерди кабыл алуу 2016-жылдын 11-июлунда башталат.
  • Талондорду кабыл алуу 13-июлда саат 14.00дө аяктайт. 
  • 4-июлда эртең менен саат 10до окууга өткөн студенттердин тизмеси илинет.
  • Сынактан өтүп кеткен абитуриенттер үч күндүн ичинде, тагыраагы 17-июлда окуу жайда окууга каалоосу бар-жогун билдирүүсү керек. 
  • Эгер абитуриент окуу жайда кала тургандыгын билдирбей койсо, орун башкалар үчүн ачык деп эсептелет. 
  • Экинчи тур 18-23-июль аралыгында өтөт. Бирок ал биринчи турдан орундардын артышына байланыштуу болот. 
  • Үчүнчү тур 25-30-июль аралыгында Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен гана өткөрүлөт. 
  • Акыркы турга катышуу үчүн абитуриенттер сертификаттын өзүн көрсөтүүсү керек болот. 

Тема боюнча

Сариева айрым ЖОЖдун ишине нааразы болду
ЖРТ: тест тапшыргандар химия, физикага караганда тарыхты көп тандашууда
Белгилер:
эреже, окуу жай, абитуриент, билим берүү

ЭҢ МААНИЛҮҮ