Өлкө башчы: чейрек кылымда өлкөдө куткаруучулардын мыкты командасы түзүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековДаир Асанов атындагы парктады куткаруучулардын эстелиги. Архив
Даир Асанов атындагы парктады куткаруучулардын эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент кырсыктардын алдын алуу жана болтурбоо системасын өнүктүрүү, квалификациялуу адистерди даярдоо ыкмаларын жакшыртуу зарылдыгын айтты.

БИШКЕК, 1-июл.— Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү куткаруучуларга жолдогон куттуктоосунда 25 жыл ичинде кесипкөй куткаруучулардын мыкты командасы түзүлгөндүгүн сыймык менен белгиледи. 

Мамлекет башчы өлкөнүн куткаруу кызматынын 25 жылдыгына карата Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана ардагерлерин куттуктады. 

"Чейрек кылым ичинде Кыргызстанда өз ишине чексиз берилген, ага өз өмүрүн, тагдырын арнаган кесипкөй куткаруучулардын мыкты командасы түзүлдү. Сиздер күндүн эрте-кечине, аба ырайынын ысык-суугуна жана жергебиздин географиялык катаал шарттарына карабастан, оор кырдаалга кабылган жарандарыбызга эң биринчилерден болуп жардамга келесиздер", — деп белгиледи Атамбаев. 

Президент алардын ар кандай кырсыктардын кесепетин жоюу, калыбына келтирүү иштерине жана гуманитардык акцияларга катышып, миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калышканын белгиледи. 

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шашылыш кызматтарынын мобилдүүлүгүн жогорулатуу зарыл. Жергиликтүү бийлик органдары жана мамлекеттик органдар менен кыйла так жана тыгыз өз ара аракеттенүү керек", — деп белгилеген ал.

Атамбаев куттуктоосун куткаруучулардын алдыга коюлган милдеттерди ар дайым намыскөйлүк менен аткараарына ишенерин айтуу менен аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0