Атамбаев ШКУ жыйынына катышуу үчүн Өзбекстанга жөнөп кетти

© Пресс-служба президента КРПрезидент Алмазбек Атамбаев аэропортто. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев аэропортто. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кезектеги бул саммитте ШКУ курамына Индия менен Пакистанды кабыл алуу каралмакчы.

БИШКЕК, 23-июн.— Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-июнда иш сапар менен Өзбекстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Иш сапар маалында Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Президент Республики Казахстан Нурсултан Назарбаев выступает на пленарном заседании На пороге новой экономической реальности в рамках XX Петербургского международного экономического форума. - Sputnik Кыргызстан
Назарбаев: июнда ШКУга Индия менен Пакистан кирет, кийинки кезек Иранда
ШКУнун жыйыны 23-24-июнга белгиленген. Кезектеги бул саммитке Индия менен Пакистанды кабыл алуу пландалган.

ШКУга учурда Кыргызстан, Россия, Кытай, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Ал эми Белоруссия, Монголия, Индия, Иран, Пакистан жана Афганистан байкоочулук статусу менен катышып келет. 2015-жылдын июнь айында ШКУга Индия менен Пакистанды мүчөлүккө алуу иштери башталган. Уфа шаарындагы жыйында аталган уюмга төрагалык кылуу милдети Россиядан Өзбекстанга өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0